​Сот Темирлан Султанбековду 13-декабрда чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды

  • 4 года мурун

Бүгү, 12-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду СИЗО-1 абагына 13-декабарга чейин камоо чечимин чыгарды.

Темирлан Султанбеков кармалганына каршылык иретинде 3 күндөн бери ачкачылык кармап жатканын анын жактоочусу билдирди. Ага массалык баш-аламандыкты уюштурган деген айып коюлууда.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы баш-аламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, аны ичинде Алмазбек Атамбаевди бошоткон.

9-октябрда массалык баш-аламндыкты уюштургандыгы үчүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары — Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов кармалган.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Сүрөт: социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты