Сот “Кыргызстан” партиясын шайлоого катыштыруу боюнча чечим кабыл алды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 27-августта, “Кыргызстан” партиясынын доо арызы Бишкек шаарынын административдик сотунда каралды. Сот «Кыргызстан» саясий партиясын шайлоого катыштыруу чечимин кабыл алды.

Судья Чолпон Досмамбетова аталган саясий партиянын доосун туура деп тапты жана аны канааттандырды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү соттун чечими менен макул эместигин жана Жогорку сотко кайрыларын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу «Кыргызстан» саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин мүчүлүштүктөрдөн улам кайра кайтарган.

“Кыргызстан” партиясы чечимге макул эместигин билдирип, сотко кайрылган.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты