​Кыргыз-тажик чек арасында ок жаңырды

  • 4 года мурун

6-августта, таңда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында ок жаңырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Андагы маалымат боюнча, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Эки-Таш деген жерде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны көздөй болжол менен мергенчилик мылтыктан ок чыгарган.

Натыйжада чек ара отрядынын кызматкеринин колу жараланган. Дарыгерлер чек арачынын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.

Ушу тапта Кыргызстандын Баткен боюнча жана Тажикстандын Исфара боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат.

Чек арадагы абал туруктуу деп мүнөздөлдү.

Эки мамлекеттин жалпы чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519у такталган, калгандары талаштуу жер тилкеси болуп саналат

8-майда кыргыз-тажик чек арасынын Чек аттуу жеринде ок жаңырган.

Жарадар болгондордун үчөө ооруканага жаткырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты