Азамат Аттокуров: "Күзүндө парламенттик шайлоо өтпөсө, мыйзамдык вакуум пайда болуп калат" (ВИДЕО)

Видео

“ПолитКлиниканын” “Сереп” берүүсүндө биз пандемия шартында парламенттик шайлоо өтүшү керекпи, же аны жылдыруу зарылбы деген теманын айланасында сөз кылабыз. Студиябызда конокто мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуров.

-Азамат, күнүнкү маалыматтарда өлкөдө эпидемиологиялык абал курч экени айтылууда. Пандемия жүрүп жаткан шартта шайлоону жылдырыш керек деген пикирлер орун алууда. Депутат Наталья Никитенко жана Жанар Акаев ушундай сунуш киргизсе, колдоп жаткандар бар.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону милдеттүү түрдө өз мөөнөтүндө өткөрүү керек деп жарыя кылды.

Сиздин оюңуз кандай?

-Чындыгында бул абдан курч маселе. Сиздер билгендей, октябрь айында парламенттик шайлоо өтүш керек. Эгерде биз шайлоону жылдырабыз десек, анда топтолгон көптөгөн мыйзам долбоорлору бар, аларды парламент бекитиши керек. Анан бул мыйзам долбоорлорун ким бекитет? Азыркы парламент беките албай калат, себеби анын мандаты аяктайт. Анда бизде абдан чоң саясий вакуум пайда болуп калат. Ошол себептен бардык коопсуздук иш-чараларын колдонуп, шайлоону убагында өткөрүшүбүз керек. Себеп дегенде бул вирус дагы канчага созулары белгисиз, балким бир жылга чейин созулушу мүмкүн. Биз бир жылга чейин парламент жок олтура албайбыз да.

-Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партияларды БШК каттап бүттү. 44 партия катыша турганын билдирип, документтерин тапшырды Анын ичинде парламенттин VI чакырылышындагы “Республика-Ата-Журт” бул тизмеде жок экен, “Өнүгүү” партиялары жок болуп чыкты. “Республика” өзүнчө каттоодон өтүптүр. Алар эмне үчүн катышпоо чечимин кабыл алышы мүмкүн? Кайсы партиялар менен чогуу барышы мүмкүн?

-Менин оюм боюнча “Республика” партиясы өзүнчө катталып, кирет. Ал эми ким менен биригет, азырынча күмөн, суроолор көп. Бирок эң негизгиси, алты партия белгилүү. Кимдер катышат жана кимдер лидерликте дегендей.

-Алар кайсы партиялар?

-Президенттик “Биримдик” партиясы, Райым Матраимовго байланыштуу делген “Мекеним Кыргызстан” деген партия,“Республика”, “Кыргызстан” “Бир бол” жана “Ата Мекен” партиялары.

-Пандемия учурунда колунан келгендердин баары, анын ичинде партиялар да бар, элге кайрымдуулук кылып жатат. Бирок мыйзам партияларга, талапкер болчуларга шайлоо алдында кайрымдуулукка жол бербейт экен. Муну Борбордук шайлоо комиссиясы эскертти. Бирок өкмөт аларды шайлоого кетире турган акчаңарды элге жардам катары бергиле деген чакырыкты айтып жатат.Бул учурда кандай кылуу керек?

-Чындыгында премьер-министрдин айтканы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын айткандары карама-каршы келет. Шайлоо учурунда кайрымдуулук иштерине тыюу салынган. Тилекке каршы муну көзөмөлдөш абдан кыйын. Ошол себептен бул нерсе дагы деле жүрө берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы кайрымдуулук кылган партияны шайлоодон алып салганын бир да жолу уккан эмесмин. Бул иш дагы эле улантыла берет, анткени элге жардам керек. Дары-дармек, кычкылтек концентраторлору керек дегендей.

-Шайлоого жумшала турган каражат коомчулукту кыжалат кылууда. Шайлоого кетчү каражатты азыр дарт менен күрөшүүгө жумшаса, пайдалуу болмок деген сынга кабылды.

Коомчулуктун сынынан кийин Борбордук шайлоо комиссисы 2020-жылы шайлоолорго жумшалчу каражатты кыскарта турганын айтты. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого бөлүнө турган 732 млн сомду 95 млн сомго кыскартуу жөнүндө жарыя кылды. Сиздин оюңуз боюнча шайлоого кете турган чыгымды дагы кыскартыш керекпи?

-Албетте, кыскартыш керек. Бизде азыр көбүнчө электрондук чипи бар паспорт бар эмеспи. Ошол чип аркылуу биз онлайн шайлоого өтүшүбүз керек. Мисалы Эстонияда 96 % адамдар интернет аркылуу, кары-картаң дебей, жаш дебей баары онлайн шайлашат. Алардын шайлоого болгон чыгымдары көбүнесе аз. Биз да ошого өтүшүбүз керек. WhatsApp, Zoom, Messenger жана башка тиркемелер сыяктууларга өтүш керек.

Бирок партиялар үйлөрдү кыдырып, спорт зал, клубдарда чогулуштарды өткөрүп, мындай нерселерди койбойт. Себеп дегенде булар адамдар менен тыгыз карым-катнаш аркылуу үгүттөшөт.

-Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын депутаттарын каникулга кетип калды деп коомчулук сындап жатат. Алардын коомчулукту дүрбөткөн мыйзамдарды кабыл алгандыгы да сынга катуу кабылды. Ошондон улам мурункуларды эл тандабай коюшу мүмкүнбү? Алардын катары жаңы жүздөр менен алмашабы? Жаңы партиялардын шайланып келүү мүмкүнчүлүгү канчалык?

--Жаңы партиялардын келиши абдан күмөн. Эгерде бириксе, анда келиши мүмкүн. Эми жаңы партиялар дегенде мисалы “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партиялары да жаңы да, бирок алардын артында ким турарын биз билебиз. Ошол себептен жаңы дегенде, жаңы жүздөрдү айтышыбыз керек. Жаңы жүздөр, албетте, келет. Мисалы “Ата-Мекен”-“Жаңы дем” деп катарына жаштарды кошуп жатат. Бирок баягыдай болбошу керек, шайлоонун алдында жаңы жүздөрдү алдыга коюп, шайлоодон өткөндөн кийин жаңы жүздөрдү акчасы көптөр менен алмаштырып койгон.

-Азыркы чакырылыштагы татыксыз депутаттарды эл шайлабай коё алабы?

-Тилекке каршы. тизме менен добуш бербейбиз да. Биз жөн гана партияга беребиз. Ал эми партиянын ичинде кандай тизме болот, аны лидери чечет.

-Ушул 44 партиянын канчасы шайлоонун аягына чейин катыша алат деп эсептейсиз?

-Максимум алты же орто эсеп менен беш партия. Себеби бизде шайлоо босогосу чоң да, 7 пайыз, муну өтүш өтө эле кыйын. “Ата Мекен”, “Кыргызстан”? “Бир бол” партиялары үчүн да кыйын. Ошол себептен чет өлкөлүк өнүккөн мамлекеттерге окшоп, ылдыйкы пайызды 3-5 пайыз кылыш керек. Андан жогору болсо, бул парламент жалаң олигархтардын, байлардын парламенти болуп калат.

- Пандемиянын шартында эл аралык байкоочулар -шайлоого келе албай калат деген коркунуч жокпу?

-Сөзсүз түрдө Россия, Казакстандын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк байкоочулар катышат. Себеп дегенде бул абдан чоң процесс. Мүмкүн болушунча коопсуздук чараларын колдонуп, албетте, катышат.

Октябрь айына чейин да убакыт бар, ошого чейин биз мүмкүн болгон онлайн шайлоого өтүшүбүз керек. Азыр мына санарип деп эки жылдан бери келе жатабыз, бирок онлайн добуш берүүнү дагы эле ишке ашыра элекпиз.

-Пандемия шартында үгүт иштери да онлайн болушу керекпи?

-Ооба. Бирок мурункудай эле болот , үймө-үй акча таратуу, ыплас технологиялар деп коеюнчу, болот. Себеби айылда, шаарда деле элде акча жок. Эми ставка жогорулайт, мисалы мурда добуш 1-2 миң-сом болсо, эми 5 миң сомго чейин жетет.

-Түз эфирде берилген суроо:

-Ушундай шартта баш-аламандыкка орун берип калдык, карантин учурунда вирустун келишине даярданбай жайылтып алдык да. Эми үгүт иштерин онлайн жүргүзөбүз деген менен иш жүзндө аткарылбайт да, кайра биз бул кырдаалды курчутуп албайбызбы? Адамдардын өмүрү турган кезде кандай кылсак болот? Ушундай дилеммада турат да өлкө.

-Туура. Бул жерде эки дилемма, же карантинди узартып, анан парламенттик шайлоону жылдыруу. Бирок парламенттик шайлоону жылдыруу бул мыйзам бузуу болуп эсептелет.

-Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасында шайлоо өткөрүү тартиби кандай болууда? Ушундай шартта шайлоо өткөргөн өлкөлөр болдубу?

-Мен аны байкабадым. Мисалы кээ бир өлкөлөрдө, мисалы Швецияда, карантин андай күч эмес, мектеп, кафелер иштеп жатат. Алардын позициясы мындай: баары бир эртели-кеч ооруйбуз, демек, карантиндин эч кандай кажети жок.

Ошол себептен биз массалык тойлорду токтотобуз. Шайлоо учурунда массалык иш-чара, клубга,спортзалга чогултмай деген үгүттөрдү токтотуш керек. Үгүттү онлайн, интернет, реклама аркылуу жүргүзсө болот, чогултмайларга тыюу салыш керек.

-Шайлоо алдында шайлоочулардын добушун сатып алуу болуп келгенин билебиз да, баарыбыз эле, азыркы шарта шайлоочулардын өзүнүн позициясын ойготуп, шарт түзүп берүү реалдуубу? Жарандар ойгонуп, өзүнүн жүрөгү менен добуш берүүгө жеттиби?

-Эми муну айтыш кыйын. Бир жагынан элдин кыжыры келип жатат, экинчи жагынан элде акча жок. Ошол себептен алар көз каранды. Экинчи жагынан акчага сатылбайм деп келсе, анда бардыгы жакшы болот. Баары бир добуш сатып алгандар болот деп ойлойм.

-Добушту сатпаш үчүн эмне кылыш керек? Ошондой абалга кайра эле келе беребизби?

-Тилекке каршы, ошондой. Дагы деле, кийинки парламентке олигархтар, байлар келет, себеби шайлоо алдындагы кампанияга төлөш керек, ошол себептен олигархтар 300-500 миңден акча бөлүшөт. Булар популярдуу спортсмендерди, эстрада жылдыздарын, анан жаш активисттерди кошот. Тилекке каршы, анан аларды алып коет.

-Алдыда элдин аң-сезимин өстүрүш керек да...

--Ооба, элдин аң-сезимин өстүрүш керек, добушту сатпаш керек. Анан шайлоого катышуу керек. Канчалык адам көп келсе, ошончолук шайлоонун жыйынтыгын бурмалай албай калышат.

-Онлайн добуш берүү боюнча мурда эксперттер айтты эле, бирөөнүн паспорту менен ким добуш берип жатканын кайдан билебиз деп. Паспортторун чогултуп алып эле бирөө добуш берип коюшу мүмкүн деп.

-Коркунучтар бар, чынында. Эстония мунун бардыгын башынан өткөрдү. Эстониянын тажрыйбасын колдонуш керек.

-Ал кандай тажрыйба түшүндүрүп бересизби?

--Бардыгында тең карточка болот, бул карточкада паспорт дагы, кредиттик карта --баары ушул жакта болот, ушул карточка менен добуш беришет.

Erafari чип деген болот, компьютерге прbставка туташтырылат, баасы арзан эле турат. Ошону сага гана туташтырып, өткөрүп берет.

Эмнеге эл башкага паспортун ошол учурда беришпейт? Себеби анын акчасы да бар да, анан акчаң бар паспортту бирөөгө бербейсиң да. Анткени ал - паспорт да, кредиттик карточка да. Алар ошентип өтүшкөн.

-Партиялар буга чейин көп убадаларды берген. Шайлоочулар ошол боюнча да баалап койсо болот да. Кайсы партия убадасын канчалык аткарды, кийинки шайлоого кантип баратат деп.

-Эми көрөбүз. Элдин кыжыры келип жатса, анда көбүрөөк оппозициялык партияга добуш беребиз. Эгер акча алып кое берели десе, анда президенттик жана башка партиялар алдыга чыгып кетет.

-Эми татыктууларды шайлайлы деп үмүт кылалы.

-Албетте, үмүт кылабыз, оппозициялык партияларга добуш беребиз.

“Сереп” берүүсүндө мейманда-мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт АзаматАттокуров болду.

Маектешкен Айгүл Бакеева

ВидеоСерепАзамат АттокуровПарламенттик шайлоо