COVID-19: Жаңы 68 учуру катталды. Бардыгы 1662ге жетти

  • 4 года мурун

Кыргызстанда 29-майга карата бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясынын жаңы 68 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында 35, анын ичинен 26сы Россиядан келген курсанттардан;

Чүй облусу – 5;

Ош шаарында – 2;

Баткен облусу – 1;

Нарын облусу – 4;

Россиядан келгендерден – 21, алардын ичинен 11 кош бойлуу, 10 студент.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди.

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1662ге жетти.

Бир суткада 22 киши айыгып чыкты. Айыккандардын саны республикада 1088ге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты