Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Шадыханов Матраимовдордун тести боюнча калп айткан

Саламаттыкты сактоо министрлиги “Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондуна” алар гумжардам катары тараткан тесттер боюнча “муну Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуш кылган” деп калп маалыматты берген. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту аныктоо үчүн эч кандай экспресс-тесттерди сунуштабаганын ПолитКлиникага билдирди.

Кеп эмнеден башталды?

Биз буга чейин “Матраимовдордун тести өз алдынча коронавирусту аныктай албайт” деген макала жазганбыз. Ал макалада “Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондунун” Кыргызстанга гуманитардык жардам катары берген экспресс-тесттери коронавирусту өз алдынча аныктай албай турганын, ал кандай гана вирус болбосун (Ред.:коронавирус гана эмес башка вирустарга дагы) оң жыйынтык чыгарарын, андан кийин ПЦР тест дагы жасалышы керектигин жазган элек. Ал макаланы бул шилтемеден окуңуз.

Макала жарык көргөндөн кийин “Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду” биздин редакцияга кат менен кайрылып, макала фонддун кадыр-баркына доо кетирип жатканын, ал тесттердин тиешелүү сертификаттары бар экенин жана бизге жиберген видео тасмада Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү тесттер тууралуу маалыматты кенен айтып бергенин жазган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды дарылоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин алдындагы лабораториялык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Айгуль Жумаканова бул видеодо “Бул тест бешинчи муундагы тест экен. Иммуноглобулиндин M жана G деген эки түрүн аныктап берип жатат, М иммуноглобулин болсо организмдеги вирустун бар жана курч абалдагысын аныктап берип жатат, ал эми G иммуноглобулин болсо организм ооруп бүтүп калган кезин, айыгып бараткан кезин көргөзөт. Биз бул тесттин эле жыйынтыгы менен бербейбиз, албетте, ПЦР тесттин дагы жыйынтыгы менен беребиз” деп айтат.

Айгүл Жумаканова коронавирус эмес, вирус деп жатканына көңүл буруңуз. Биз дагы буга чейинки макалабызда бул тесттер бардык вирустарга оң жыйынтык берерин жазганбыз. Ошондой эле “бул тесттер өз алдынча коронавируска диагноз кое албайт, андан кийин ПЦР тест дагы жасалышы керек” деген сөзүбүздү Жумаканова дагы кайталап, андан кийин ПЦР тест дагы жасаларын айтып жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин шектүү каты

Андан кийин аталган фонддун өкүлдөрү бизге КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин катын жиберип, ал катта көрсөтүлгөн маалыматтарды сайтыбызга жайгаштырып коюубузду өтүндү.

Саламаттыкты сактоо мнистрлигинин “Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондуна” жазган 7-апрелдеги No01-1/2-3870 катына министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов кол койгон. Катта “Сиздин сураган маалымат боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз: “Сиздер берген LEPU Technology Sars-Cov-2 кытай өндүрүшүнүн экспресс-тесттери — бешинчи муундагы тесттер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 12.01.2020дагы отчетунда сунушталган” деп жазылат.

Сүрөттө: Саламаттыкты сактоо министрлигинин «Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна» жазган каты.

Биз Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтынан бул көрсөтүлгөн датадагы отчетун дагы, экспресс-тесттерди сунуштаган маалыматты дагы тапкан жокпуз.

Буга катар эле 12-апрель күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиялоо боюнча медициналык жана фармацевтикалык кызматтар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Арзыкулова “Аки-пресс” маалымат агенттигине маек берип, “Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму экспресс-тесттердин жыйынтыктары төмөн болуп жатканына байланыштуу аларды колдонбой турууга чакырат” деп билдирген.

Бир эле министрликтин өкүлдөрү экспресс-тесттер боюнча эки башка маалыматты берип жатканынан улам, муну тактоо үчүн биз расмий кат менен КР Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылдык. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөн 14 жумушчу күндөн ашып кетсе дагы министрлик эч кандай жооп бере элек.

Ошондуктан, биз Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы жана Казакстандагы өкүлчүлүгүнө “ДСУ экспресс-тесттерди колдонууну сунуш кылганбы же жокпу?” деген сурообузду узаттык.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бизге жооп берди

Көп өтпөй Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, доктор, Назира Артыкова бизге жооп берди.

“Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Исмаил Матраимов фондуна” жазган статс-катчы К.Т.Шадыханов кол койгон 07.04.2020 No01-1/2-3870б каты бурмаланганына байланыштуу алардан расмий түшүндүрмө алууга туура келди. Азыркы учурга карата, биз кечирим сураган эки кат алдык, каттагы “бул экспресс-тесттер ДСУ тарабынан 12.01.2020 отчетунда сунушталган” деген маалымат чындыкка туура келбейт, ал эми ал кат жараксыз. Муну менен катар эле биз ДСУнун позициясын ДСУнун Европалык аймактык директору Ханс Клюгенин каты менен бекемдедик, ал катта ДСУ экспресс-диагностикумдардын жыйынтыктары төмөн болуп жатканына байланыштуу эч кандай экспресс-диагностикумдарды сунуштабай турганы айтылат. Аны менен катар эле ДСУ өзүнүн сунуштарын эч качан бренддик медициналык аталыштар менен байланыштырбайт”, — деп жазылат бизге жиберген катында.

Жыйынтык: КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму экспресс-тесттерди сунуштаган деп калп айткан.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты