​Матраимовдордун тести өз алдынча коронавирусту аныктай албайт

Матраимовдордун фонду тараткан экспресс-тесттери өз алдынча коронавирусту аныктай албайт. Бул тесттер адамдын канында кандай вирус болбосун оң жыйынтык чыгарат, андан кийин гана ПЦР тесттин (полимеразная цепная реакция) жардамы менен коронавирус бар экени аныкталат. Анан да бул экспресс-тесттерди сатып алардан мурда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылган эмес.

ЖК депутаты Искендер Матраимов “Матраимов кайрымдуулук фонду” коронавирусту аныктай турган 10 000 экспресс-тест сатып алышканын, аны гуманитардык жардам катары тарата турганын жазып чыккан.

“Кечээ, 29-мартта COVID-19 илдетин аныктоочу 10 000 экспресс-тест фондго келип түштү. Алар гуманитардык линия аркылуу Ош шаарынын профилактикалык жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл ооруканасына берилди”, — деп жазат Матраимов.

Ал маалыматтан кийин Твиттерде Шамил аттуу колдонуучу Матраимовдор коронавирусту аныктоочу тесттер деп тараткан экспресс тесттердин сапатынан шек санаган твит жазып чыкты.

“Бирок бул жерде кичине проблема бар, өндүрүүчүнүн сайтында жазган маалыматка караганда, кан менен жасала турган бул экспресс тесттер коронавирусту эмес, организмдеги шишикти аныктай турган тесттер”, — деп жазат биринчи билдирүүсүндө.

Ага улай эле экинчи билдирүүсүн жазып, бул тууралуу Искендер Матраимовдун жазган постунун астына суроо бергенде, ал билдирүүнү дароо өчүрүп салышканын жазган:

“Бул комментарийимди Матраимовдордун фондунун Фейсбуктагы баракчасына жазсам, аны дароо өчүрүп салышты. Менин бийликке суроом бар, бул тесттин колдонулуусуна ким жоопкерчилик алат? Врачтар ушул Матраимовдордун фондунун тестинин негизинде үйгө кое беришеби? Жакшылык жасайлы деген ою болсо керек, бирок ошентсе дагы” деп жазат экинчи билдирүүсүндө.

Өндүрүүчүнүн сайты деп берилген шилтемеге биз дагы кирип көрдүк. Бул жерде Твиттердин колдонуучусу жазгандай, “Tumor Marker Test Kit” “Шишикти аныктоочу тест набору” деп жазылып, Covid-19га колдонулат деген жери жок. Бул шилтемеге кирип көрсөңүз болот.

Бирок, Alibaba.com сайтынан дал ушул өндүрүүчүнүн “Wholesale Dengue NS1 IgG IgM combo rapid test kit” деген тестин таптык. Бул NS1 IgG IgM денге антителасын аныктоочу экспресс-тест деп которулат. Бул шилтемеге кирип көрсөңүз болот.

Бул жерде аталган тест адамдагы антителаны аныктай турганы жазылган:

Матраимовдордун фондунун сатып алган тестинде ушул эле “Wholesale Dengue NS1 IgG IgM combo rapid test kit” тестке 2019-nCoV жазуусу үстүнөн жазылганын көрүүгө болот.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрү дагы коронавирусту аныктоо үчүн IgG IgM combo rapid test kit экспресс-тестин колдонуп жатканы чын. Бул дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтындагы тизмеде көрсөтүлүп, бирок ДСУ ал тесттердин сапатына жооп бербей турганын эскерткен. Бирок бул тизменин ичинде Матраимовдордун фонду сатып алган экспресс тестти жасаган ишкана жок.

Жыйынтыктап айтканда, бул тест бир гана коронавирусту аныктоо үчүн арналган эмес, тестти колдонгондо адамдын канында вирус бар болсо, (коронавирус гана эмес, башка вирус болсо деле) тест оң жыйынтыкты берет. Андан кийин коронавирустун бар же жок экенин аныктоо үчүн дагы ПЦР тест (полимеразная цепная реакция) жасалышы керек.

Экспресс-тесттердин сапаты дагы адистер арасында талашты жаратууда. Далилдүү медицинанын адиси Бермет Барыктабасова Кыргызстанда коронавирусту аныктоо үчүн жасалып жаткан тесттердин сапаты жакшы эместигин айтып жатат.

“Чындыгында, Кыргызстандагы коронавирусту аныктоочу тесттердин сапаты начар. Бул азыр анык билине баштады. Биз биринчилерден болуп бул тесттерди колдонуп баштаган жокпуз, аны башка өлкөлөр колдонуп, анын жыйынтыгы так чыкпай турганын эми көрүп жатышат. Вирус жукпаган кишилерде дагы “вирус бар” деген натыйжа көргөзүп жаткан, тескерисинче, андан дагы жаманы вирус жуктурган кишилерде терс жыйынтык чыккан учурлар болгон. Европадан келген маалыматтар боюнча, тест жуктургандардын 20-30 пайызын гана көрөт. Башкача айтканда, орто эсеп менен жуктургандардын 30 пайызын көрөт, ал эми 70 пайызын көрбөйт. Бул аябай чоң пайыз. Анткени, мындай тесттерден жыйынтык 100 пайыз болушун күтүшөт”, — дейт Барыктабасова.

IgG IgM combo rapid test’теринин сезимталдуулугу 88,66%га чейин болору АКШнын медициналык китепканасынын сайтына илинген бул изилдөөдө айтылат.

Ал эми айрым өлкөлөр бул тесттерди колдонуудан баш тарткан. Нидерланды, Испания, Бельгия сыяктуу Европа өлкөлөрү, Түркия Кытайда жасалган сапатсыз маскалар менен тесттерден баш тартканы тууралуу маалыматтар жазылган.

Саламатттыкты сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов биздеги колдонулуп жаткан тесттердин сапаты начар дегенге кошулбайт.

“Тест системалардын сапаты боюнча, чет өлкөдө тесттерди артка кайтарып берген, так аныктай албай деген учурлар бар. Бирок, бизде андай маселе жок. Бизге келген тест системалары текшерүүдөн өтөт, ошондон кийин гана колдонууга беребиз”, — дейт Мамбетов.

Covid-19га каршы Республикалык штабдан бизге берилген маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда коронавирусту аныктоо үчүн тесттердин эки түрү колдонулуп жатат. Экспресс тесттер жана ПЦР тесттер. Экспресс тесттердин сапаты ПЦР тесттерден төмөн болот. Ошондуктан экспресс тесттен кийин ПЦР тест дагы жүргүзүлөт. Ошол 99 пайызды көрсөтөт.

“Кытайдан 5000 экспресс тест алынган. Андан сырткары, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Түркия, Орусия ПЦР тесттерди берип жатат. Өзбекстандан атайын реагенттер келип жатат. Тесттердин негизги саны жетиштүү. Азырынча жеке менчик лабораторияларга тест жүргүзүүгө уруксат бериле элек, бирок Бонецкийдин лабораториясы менен иштешүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат”, — деп кабарлашты штабдан.

“Аны менен катар эле экспресс тест коронавирусту аныктабай, ПЦР тест аныктаган учурлар болгон. Ошондой эле, экспресс тест вирусту аныктап, ПЦР тестинен текшергенде таза чыккан учур болгон”, — деп айтылат бизге штабдан берген маалыматта.

Covid-19га каршы Республикалык штабга, Саламаттыкты сактоо министрлигине экспресс тесттерди, же ПЦР тесттерин сатып берели деп, аларга коюлган талаптар боюнча сураган жарандар болгон эместигин билдирет штаб. Ошол эле маалыматта Матраимовдордун фонду жардам катары берген экспресс-тесттер дагы саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылбаганы жазылат.

“Матраимовдун фондунун тесттери боюнча азырынча бизде маалымат жок. Биз менен эч кандай макулдашылган эмес. Жеке адамдар тест алып берди деген расмий маалыматтар жок”, — деп кабарланат маалыматта.

Кытайдан келген тесттердин баарын сапатсыз деп айтууга болбой турганын белгилейт Бермет Барыктабасова:

“Негизи сапаттуу тесттер бар, болгону алар башка жабдыктарда иштешет. Азыр Кытайдын тесттери, баары эле сапатсыз деп айтууга болбойт. Жакшы тесттерди жасаган заводдор бар жана начар сапатта жасаган жасаган заводдор дагы бар. Жакшы заводдор кымбатка сатышат” дейт Барыктабасова.

Жыйынтык: Матраимовдордун тараткан экспресс-тесттери коронавирусту гана аныктоого багытталган эмес, ал адамдын ичинде кандай вирус болсо дагы оң жыйынтык чыгарат. Андан кийин ПЦР тесттен дагы өткөрүү талап кылынат.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты