Коррупцияга малынган парк

Өткөн жылы көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталган борбордогу үч парк боюнча иликтөө жүргүзүлгөн. Эми Ош шаарынын так борборунда жайгашкан Токтогул Сатылганов атындагы паркка кезек келди.


Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шукурали Мадаминов парктын курулганына 2018-жылы 100 жыл болгонуна арналып. реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөнүн айтты. Бул максат үчүн бюджеттен 40 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Сугат арыктарын жаңылоо, заманбап жарыктандырууну орнотуу жана жолдун үстүңкү катмарын толугу менен алмаштыруу чечими кабыл алынган. Ошондой эле парктын кире бериштерин көркөм стилде кооздоо аракети жасалган.

Парктын сары таш ташынан жасалган тепкичтин бөлүгүнө 1млн 200 миң сом сарпталганы менен, эки жылга жетпей каптоо бузула баштаган. Мындан улам тепкичти кайра оңдоп-түзөөгө кошумча каражат да сарпталды. Ал эми төшөө иштеринин сапаты дагы начар. Алсак, жаңы төшөлгөн брусчатка бузула баштаган. Бул астынан өткөн сууга байланыштуу.

Паркты аралап жүрүп кызыктай, түшүнүксүз нерселерди көрүүгө болот: жолдун ортосуна коюлган торлору жок сугат арыгы, өтө эле кенен пандус ж.б. Паркта жайгашкан жайкы кинотеатр оңдолбой азыр кампа катары колдонулууда.

Жумуштар

Паркты реконструкциялоо иштери негизинен мамлекеттик казынанын эсебинен жүргүзүлгөн. Мэриянын айтымында жергиликтүү бюджеттен 90%ы каржыланган.

Паркты калыбына келтирүү иштери башка мамлекеттик эмес булактардан да каржыланып жасалган. Мисалы отургучтарды “Дархан” компаниясы белек катары жасап берген. Бардык стандарттарга ылайыкташтырылган спорт аянтчасы дагы эл аралык донорлор тарабынан каржыланган.

Европада коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму бөлгөн каражаттын эсебинен паркка 40 видеокамера жана видеобайкоочу бөлмө орнотулган эле. Бирок бул натыйжалуу ишке ашкан эмес, видеокамералар иштебейт. Мындан сырткары видеокамералар чала сабат орнотулганын көрүүгө болот.

Эл аралык коргоо жана көмөктөшүү уюмунун жетекчиси Акылбек Ташбулатов аткарылган ишке нааразы экенин билдирди: “Мына бул камеранын зымы. Ал түтүктүн ичинде болушу керек эле, эмнегедир сыртта орнотулган. Биз шаарыбызга жардам бергибиз келген болчу. Сырттан каржылоону да таап бердик. Анан мындай мамилени көргөндө көңүл калып калат экен”.

Долбоор

Паркты реконструкциялоо долбоорун иштеп чыгуу «Интегра Хадека» ишканасына тапшырылган. Бул долбоорду интернеттен тапса болот. 147 млн.сомго ар түрдүү спорт аятчаларын, медитациялык залды, коньки тебүүчү аянтчаны ал тургай сүйүшкөндөр үчүн зона куруу пландаштырылган эле. Бирок аягында бюджетти дээрлик төрт эсе кыскартууга туура келген.

Бюджеттин кескин кыскарышынын натыйжасында долбоор да кескин өзгөргөн. Ошто паркты калыбына келтирүүнүн жаңыртылган долбоору менен таанышууга мүмкүн болгон жок. “Интегра Хадека” ишканасы комментарий берүүдөн баш тартышты. Көрсө, 147 миллион долбоорго алар кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизишкен эмес экен. Ошондо тендерге коюлган иштердин көлөмү кайдан келип чыкканы дагы деле бүдөмүк.

Бул арканы жаңыртуу үчүн үч тендер өткөрүлүптүр. Ошондо “Токтогул” паркынын аркасы Кыргызстандагы эң кымбат аркалардын бири.

Урали Романовдун марафондон түшкөн акчага дубалга улуттук колориддеги мозаикалар жасалганын айтты. Ачык булактарда, мэрияда дагы кайрымдуулук марафонунда канча акча чогултулганын билүү мүмкүн болгон жок. Бирок ошол эле тендердик документтер боюнча мозаика менен жасалган дубалдын долбоорун иштеп чыгууга бюджеттен 80 000 сом бөлүнгөнүн билсек болот. Ал эми дарыя ташын сатып алууга 460 миң сом жумшалган.

Ченөө

Жергиликтүү активисттердин жардамы менен Токтогул Сатылганов атындагы паркта саноо иштерин жүргүзүдүк. Шамчырактын жалпы саны 342 даана болгон. Бирок техникалык документтерге ылайык, алар үчүн 372 таяныч каралган. Ошентип, документте кошумча 30 таяныч каралган эле, ал жок болуп чыкты.

Ошондой эле брусчаткалар жана өлчөөчү дөңгөлөктүн жардамы менен арыктардын узундугу да эсептелди. Брусчатка же тамташ 12 миң 237 чарчы метр аянтчага салыныш керек эле, чынында иштин 86% гана аткарылган. Ал эми сугат арыктарды жаңылоо үчүн 145 куб метр бетон төшөлмөк, бирок 58%га гана аткарылганы анык болду.

Тендерлер

Ушул сейил бактын ар тарабына коюлган бетондор тендердин жобосу боюнча таштар менен салынышы керек болчу. Бирок бир дагы таш бетон табылган жок.

Ажатканалардын жабдууларын жаңыртуу да планданган эле. Тендердин техникалык документинде кир жуугуч, даараткана менен кошо 10 комплект орнотуу каралган. Бирок ал жок болуп чыкты.

Негизги тендерден 10 ай өткөндөн кийин кошумча тендерге эч кандай өзгөртүүлөр киргизилген эмес. Тендерди утуп алган “БайСтрой” ишканасы 2015-жылы Куршаб айылындагы мектептин ремонт учурунда жумуштун көлөмү ашыкча чыгып калганы үчүн соттук териштирүүлөр өткөн. Бул иш массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылганы менен Оштун мэриясы ишкананын ишинде эч кандай кемчиликти байкаган эмес.

Документтерди иликтеп жатып тепкич, тамташ, сугаруу жана жарыктандыруу боюнча төрт тендерден төмөн баа берген компаниялар кымбатыраак фирмаларга утулуп калганы аныкталды. Ош шаардык мэриясынын жообунда арыздар мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдын беренелеринин негизинде жасалган деген жооп келген. Дагы бир мыйзам бузуу бул кошумча тендерлерге мыйзам тарабынан уруксат берилген сумманын ашкандыгы. Тышкы жарыктандыруу боюнча кошумча тендерде лимит дээрлик 417 миңге ашкан, тепкичтерге 22 миңге. Ал эми жайкы кинотеатрдын жанындагы там-ташка алар уруксат бергенден 236 миң көп сарпташты. Бирок Ош шаардык мэриясы тендерлердеги мыйзам бузууларды тааныбай келет.

Кыргызстанда коррупцияга каршы көптөгөн чаралар каралгандай көрүнөт: коомдук угуулар, долбоордун үстүнөн көзөмөл, Эсеп палатасы жана прокуратура тарабынан текшерүү. Бирок өкүнүчтүүсү көп учурда бул нерселер биздин мамлекетте иштебейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты