Баткендеги күйүүчү май контрабандасы: ИИМ, УКМК жетекчилеринин жана депутаттардын изи
- 3 года мурун
- Иликтөөлөр
.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өзүнүн маалымат жыйынында бул май куйуучу жайлардан күйүүчү май Тажикстанга аткезчилик жол менен чыгарылып турганын айткан.
«ПолитКлиника» медиасынын журналисттери ал май куйуучу жайлар чоң саясатчылар менен аткаминерлердин жакындарына таандык экенин аныктап чыгышты.Улан Ниязбеков Ички иштер министрлигин 2020-жылдын 11-октябрынан бери жетектеп келет. Ага чейин ал Ички иштер министрлигинде ар кандай жооптуу кызматтарды, анын ичинде Ички иштер министрлигинин 7-башкы башкармалыгынын орун басары дагы болгон.
УКМКнын мурдагы башчысы, андан кийин президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин айтымында, Улан Ниязбековду дайындоо Садыр Жапаровдун саясий чечими менен мүнөздөлөт. Президенттик шайлоо алдындагы дебат учурунда Сегизбаев Улан Ниязбеков 2001-жылы Садыр Жапаровго 138 миң доллар өлчөмүндө насыя алып бергенин билдирген.
«Садыр Жапаров карыздарын төлөй албай калып, эми ал карызды министрлик кызмат менен төлөп жатат«, — деген Абдил Сегизбаев президенттикке талапкерлердин дебаттары учурунда.
Ошондой эле, Улан Ниязбеков Матраимов менен байланышы бар деп шектелип келет. «Азаттыктын» бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу журналисттик иликтөөсүндө, бажынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов Райымбек Матраимовдун атынан сүйлөгөн. Видеодо Улан Ниязбеков Эмилбек Кимсановго Матраимов аны коргосо, анын ишин «жабууну» убада кылган.
Жергиликтүү аткаминерлердин арасында май куйуучу жайлардын саны боюнча рекордсмен Турабай Бостоновдун үй-бүлөсү. Анын уулу Коңурбайдын 3 май куйуучу бекети бар. Ошондой эле, журналисттер уулу Тыныбек Бостонов менен күйөө баласы Алмаз Айдаровдун прокуратура системасында иштерин аныкташты.
Бердиев "ПолитКлиниканын" журналисттерине берген маегинде, депутат болгондон кийин бизнесин инилерине өткөрүп бергенин жана анын май куйуучу жайынан аткезчилик жолу менен күйүүчү май Тажикстанга чыкпаганын айткан.
2020-жылдын сентябрында Kloop басылмасы Абдимуктар Маматовдун уулу Акылбек Маматов жана анын май куйуучу станциялар тармагы боюнча иликтөө жарыялаган. Журналисттер анын фирмалары күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жалпы суммасы 1 миллиард сомго 3900 келишимге кол койгонун, анын компаниялары жана кирешелери декларацияда чагылдырылбаганын ачыкташты.
Депутат Маматов "ПолитКлиниканын" кабарчыларына Арка айылындагы май куйуучу бекеттер анын уулунун жеке иши экенин жана өзүнүн бул компаниянын ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок экендигин айтты.
Кээ бирлери "30-50 миң сомго ижарага бердик" десе, кээ бирлери "Биз аны Жалал-Абаддык балдарга ижарага бергенбиз. Кимге бергенибизди так айткыбыз келбейт. Анткени, мен акыркы жолу журналисттерге айтканымда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип, башты оорутуп кетишти", - дейт жергиликтүү тургундардын бири.
«Биздин айыл аймакка эки май куюучу жай жетмек. Бул жакка 45-50-100 фуралар келип, аткезчилик жол менен Тажикстанга кирип кетишчү. Тажиктер цистерналарга куюп кетип жатышкан", - дейт жергиликтүү тургун Турсунбай Темиров.
"Алар [укук коргоо органдары] иликтеп жатабыз, териштирип жатабыз эле деп айтат, бирок эч кандай жыйынтык жок. Бул жерде иштеген аткаруучулардын аты-жөнүн ачыкка чыгарышпайт. Аларды кармашары менен Бишкектен телефон чалат, акимди да, башкаларды дагы оозун жабышат. Кечинде 7-8 жүк ташуучу унаа жолдун жээгинде пробка болуп кетет, эртең менен ошол эле унаалар чек арадан өтүшөт", - дейт ал.
«Биз 3-4 ай, жарым жыл күчөтүлгөн режимде иштедик, бирок контрабанданын агымын толук токтото алган жокпуз. Жаңжалдан кийин чек ара толугу менен жабылды, азыр ал жерде аткезчилик жок», - деди Ташиев.
Фактчекер: Асель Сооронбаева, Инна Кывыржик