ТИМ: Новосибирскидеги жарандарды алып келүү маселеси макулдашылды

  • 4 года мурун

22-апрелде Россия Кыргызстандан өзүнүн жарандарын алып кетүүнү пландаган. Россиялык тарап менен ушул эле рейс боюнча Новосибирск шаарындагы мекендештерибизди алып келүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлаган.

ТИМ буга чейин пландаштырылган каттам менен мекенине кете албай калган, колдоого жана жардамга өзгөчө муктаж болгон КР жарандарына Новосибирскиде убактылуу жайгаштырууда жана тамак-аш менен камсыздоодо диаспоралык уюмдар тарабынан көмөк көрсөтүлгөнүн билдирди.

Коронавируска байланыштуу чек аралар жабылып, чет мамлекеттерде Мекенине кете албай жаткан кыргызстандыктар тууралуу 15-апрелде парламент жыйынында талкууланган.

Буга чейин россиялык тарап S7 Airlines авиакомпаниясынын учагын даярдаганын, бирок ага кыргыз жетекчилери уруксат бербей койгону социалдык тармактарда кабарланып, биздин жарандар жолго чыга албай кыйналып жатканын жазышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты