​КТРКдан коронавирус тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар кетип жатат (Фактчекинг)

Twitter’деги @ryskuliev аттуу колдонуучу КТРКдан кечээ 23-март күнү коронавирус тууралуу жалган маалымат кеткенин жазып чыккан. “КТРК жалган маалыматты берип жатат. Бир дарыгер чыгып алып, коронавирус грипптей жуга бербейт, маска тагынып, колуңарды жуусаңар эле болду” деп сүйлөп жатат” деп жазып чыккан.

Бул автор менен байланышканыбызда кеп “Ала-Тоо 24” каналындагы коронавирус боюнча тартылган ролик тууралуу жазып чыкканын, анда Артыкбай Эралиев деген дарыгер сүйлөгөнүн айтты.

Кеп Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев тууралуу болуп жатат.

Биз ал кандай ролик тууралуу сөз болуп жатканын билүү максатында “Ала-Тоо 24” каналынын продюсери Сюита Соорбаева менен байланыштык. Ал роликтен ката кетип, аны эфирден алып салынганын билдирди:

​КТРКдан коронавирус тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар кетип жатат (Фактчекинг)

Сүрөттө: «Ала-Тоо 24» каналынын продюсери Сюита Соорбаева

«Аларды биз даярдабайбыз. Атайын продакшнда даярдалып келет. Аны «Ала-Тоо 24» даярдаган эмес. Анын эфирге кандайча кетип калганын азыр тактап атабыз. Ал ролик келген, бекитилген болчу. Катасы байкалбай, бир жолу берилип калган. Анан кайра эфирден алганбыз. Биздин продукция эмес ал. Аны продакшндар даярдап жатпайбы, башка телеканалдар. Ар бир канал роликтерди даярдап жатат да. ЭЛТР, Бешинчи канал баардыгы. Анан биз алмашып жатпайбызбы бири-бирибиз менен. Маалымат көбүрөөк, жетиштүү болсун деп” деди Сюита Соорбаева.

Ошондой болсо дагы бул маалыматты биз Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы менен салыштырып көрдүк. ДСУнун маалыматына ылайык, COVID-19 вирусу менен ооруган кишинин башкаларга жуктуруу ыктымалдуулугу 2ден 2,5 кишиге чейин туура келет. Бул гриппке караганда жогору. Окумуштуулар коронавирус менен гриппти түз салыштыруу туура эмес экенин белгилешет.

Коронавирустан каза болуу ыктымалдуулугу дагы гриппке салыштырмалуу жогору. Каза болгондордун чыныгы коэффициенти так аныкталган эмес, бирок, азыркы учурга карата бар болгон маалыматтарга ылайык, оор учурлар (Каза болгондордун санын ооруну жуктуруп алгандардын санына салыштыруу) 3-4% түзөт. Ал эми инфекциялардан каза болгондордун саны (каза болгондордун санын инфекциялык оорулар менен отургандарга салыштыруу) төмөн. Сезондук гриппте каза болгондор 0,1% түзөт.

Твиттердин колдонуучусу грипптин жугуу коэффициэнти — 1,3-1,4 экенин, ал эми коронавирустуку 3 экенин жазган. Бул маалыматтар Дүйнөлүк биологдордун bioRxiv порталында айтылган. Бирок, бул порталдын сайтында жазылган отчеттор алдын ала изилдөөлөр боюнча берилгенин, рецензиялоодон өтө электигин жазган.

Ошол эле күнү, 23-мартта дагы эле Артыкбай Эралиевдин сүйлөп жаткан ролигинде коронавирус тууралуу дагы бир туура эмес маалымат кеткен. Видеороликте Эралиев “Бүгүнкү күндө, ошонун ичинде Ош областында Кыргызстанда коронавирус жок” деп айткан жери бар.

«Ала-Тоо 24» каналынан 23-мартта кеткен видеоролик

Коронавируска каршы республикалык штабдын 23-мартка карага берген маалыматында Кыргызстан боюнча 14 адам жуктурганы аныкталган, анын 5и Ош облусунан экени маалымдалган.

Ошол эле күнү КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналынан коронавирус боюнча дагы бир берүүдө Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов коронавирустан дүйнөдө 6 миң адам каза болду деген туура эмес маалыматты билдирген.

“Бул өтө деле коркунучтуу эмес экенин белгилеп кетсек болот. Бүгүнкү күндө 6 миң адам каза болду ээ, эми 6 миңди бөлүп көргүлө…60-70тен эле тийип калат да”, — деп айтканын көрүүгө болот.

«Ала-Тоо 24» каналынан кеткен видеоролик

Дүйнөлүк окумуштуулардын коронавирус боюнча онлайн-картасындагы 24-мартка карата маалыматта 16 113 адам өлгөнүн көрүүгө болот. Ал эми бир күн мурун бул маалымат 14 641 болчу.

ЖЫЙЫНТЫК — «Ала-Тоо 24» каналынан 23-март күнү бир канча жолу чындыкка туура келбеген маалымат кеткен.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты