​«Grand Princess» кемесиндеги эки кыргызстандыктан коронавирус табылган жок

  • 4 года мурун

АКШ жана Канададагы элчилик АКШнын Калифорния штатынын жээгинде карантинге кармалган «Grand Princess» круиздик кеменин бортунда жүргөн Кыргызстандын эки жаранынан коронавирус табылбаганын билдирет.

13-мартта Кыргызстандын эки жараны карантинди өтүү үчүн АКШнын Жоржия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлдү.

Бир нече жолу өткөрүлгөн тесттин натыйжасында, карантиндик борбордун медициналык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эки жаранында коронавирус дарты жок экендигин ырастады.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын эки жараны 14-күндүк карантинди өткөндөн кийин карантиндик борбордон үйлөрүнө кеткенге мүмкүнчүлүк болот.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Буга чейин КР тышкы иштер министрлиги жүргүнчүсүнөн коронавирус табылган «Grand Princess» лайнеринде эки кыргызстандык бар экенин билдирген.

9-мартта лайнер Калифорниянын Окленд портуна токтоп, медициналык жардамга муктаждарды түшүргөн.

5-мартта лайнерден түшкөн эки жаран коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты