​Учпай калган каттам. Эмне үчүн Бишкек менен Душанбенин ортосундагы учактар учпай калды

2019-жылдын 20-октябрынан тартып Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдары учпай калды. Азыркы учурда Душанбеден Бишкекке же Бишкектен Душанбеге учуу үчүн үчүнчү өлкөлөр аркылуу учуу керек.

Тажикстандын жараны Парвиз Алидодохонов 10 жылдан ашык убакыттан бери Бишкекте Борбордук Азия университетинде иштейт. Бул окуу жайдын мугалимдери бир айда бир жолу, айрым учурларда андан көп жолу ар кайсы өлкөлөрдө жайгашкан – кыргыздын Нарынындагы, тажиктин Хорогундагы, казактын Текелисиндеги кампустарга барып турушу керек.

Парвиз Алидодхонов. Сүрөт жеке архивинен алынды

Мындай авиакаттамдарды уюштуруу Парвиздин милдетине кирет. Бишкек-Душанбе авиакаттамынын пайда болушу жумушту кыйла жеңилдеткен. Анын үстүнө өзү үчүн дагы Тажикстандагы туугандарына барып келүү оңойураак болуп калган эле.

“Түз авиакаттамдын болушу убакытты дагы, каражатты дагы үнөмдөчү. Бир тарап үчүн авиабилеттин баасы 110 доллар эле. Азыр эми Душанбеге Алмата аркылуу гана учуу керек, бул учурда билеттин баасы 50%га кымбат турат”, — дейт Алидодхонов.

Бишкек-Душанбе-Бишкек каттамы менен учкан жалгыз авиакомпания «Avia Traffic Company’нин» акыркы каттамы 2019-жылы сентябрь айынын аягында учкан. Ошондон кийин авиакаттамдар токтогон. Анын себебин авиакомпаниянын жетекчилиги каттамдын рентабелдүү эместигине байланыштуу деп түшүндүрдү.

Бул каттамды токтотуп койгондон кийин тажик журналисттери Душанбеден Бишкекке аймактык иш-чарага катышуу үчүн келе жатып толгон-токой көйгөйлөргө туш болушкан. Түз авиакаттам жок болгондуктан Алмата аркылуу билет сатып алууга туура келген.

“Бирок Душанбе-Алмата каттамын билетте көрсөтүлгөн убактысында жарыялашкан жок. «Air Astrana» авиакомпаниясынын өкүлдөрү каттамды күтүп отурган жүргүнчүлөргө чыгып кечирим сурап, буга эмне себеп болуп жатканын айтып да коюшпады. Өзүбүз барып сураштырып баштаганда гана каттам кечигип жатканын билдик.

Жети саат күткөндөн кийин биздин каттам эртеси күнкүгө калтырылганын айтышты”, — дейт журналист Манзума Фируз.

Жыйынтыгында Алматага алар эртеси күнү араң жетишкен. Алмата-Бишкек каттамынан кечигип калганына байланыштуу Кыргызстанга такси менен келгенге мажбур болушкан.

«XXI кылымда эки кошуна өлкөнүн ортосундагы эки сааттык учуунун ордуна эки күн айланып жүрүү керек экен да”, — дейт Фируз.

Түз каттам

Душанбе менен Бишкектин ортосундагы авиакаттам 2000-жылдардан бери бар, бирок бул каттамдар бирде токтосо, бирде кайра калыбына келип жүрөт.

2015-жылдын 30-октябрында Бишкек убактысы боюнча 21.50дө тажик авиалинияларынын биринчи учагы көпкө созулган тыныгуудан кийин биринчи жолу учуп келип конгон. Ал эми ноябрь айында “Таджик Эйр” авиакомпаниясынын катарына дагы бир “Сомон Эйр” компаниясы кошулган. Жүргүнчүлөрдү тартуу максатында экинчи авиакомпания билеттин баасын эки эсеге арзандаткан – эки тарапка билеттин баасы 110 доллар кылып коюшкан.

Келечекте бул каттамды немис шаары Франкфурт-на Майнеге чейин улантуу пландалган болчу. Ал каттам 2015-жылдын аягына чейин ачылышы керек эле. Жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйүп жумасына төрт жолу учуу күтүлгөн.

Бишкек менен Душанбенин ортосунда иштеген адистер үчүн, кошуна өлкөлөрдө туугандары барлар үчүн бул жакшы мүмкүнчүлүк болуп калган.

50 жаштагы Тажикстандык Шогунбек Кутбиддиновдун айтымында, эки тарапка болгон билеттин баасын бир тараптын баасына теңеп арзандатып койгону, апасы, бир туугандары менен бат-баттан жолугуп турууга шарт түзгөн. Ал 25 жылдан бери Кыргызстандын жараны. Кайсы бир учурда жумуш издеп Бишкекке келген, бирок туугандарынын баары Тажикстанда.

Бирок күтүлгөндөй жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөн эмес. 2015-жылдан бери Бишкек-Душанбе каттамында төрт авиакомпания каттаган – тажикстандык “Таджик Эйр” жана “Сомон Эйр” компаниялары, кыргызстандык «Эйр Манас» жана «Avia Traffic Company» компаниялары. Акыркы авиакомпания бул багытта каттамдарды 2019-жылдын октябрына чейин аткарган акыркы авиакомпания болгон.

“Кайрымдуулук уюму эмес”

Бишкек менен Душанбенин аралыгы 1022 чакырым. Бул аралыкты крейсердик ылдамдык менен жүргүнчү БОИНГ бир сааттан бир аз ашык убакытта басып өтөт. Бул бир өлкөнүн борбор шаарынан, экинчи өлкөнүн борборуна учуп жетүүчү эң ыңгайлуу ыкма болчу.

Азыр эми учак которуп отуруп ошол эле аралыкты бир канча эсеге көп убакытта учуп келишет жана билеттин баасы дагы алда канча кымбат.

“Алматы жана Ташкент аркылуу транзиттик каттам менен учуу өтө ыңгайсыз. Иш жүзүндө эки каттам үчүн төлөгөндөй болуп калат. Анын үстүнө учууга дагы көп убакыт кетет”, — дейт жумуштары боюнча Бикшкекке көп учууга туура келген Тажикстандагы “Зеркало” социологиялык иликтөө борборунун аткаруучу директору Кахрамон Бакозода.

«Avia Traffic Company» компаниясынын жетекчиси төрт жыл учуп бул каттамды кирешелүү каттамга айланта алышпаганын айтты.

Георгий Еременко. Photo: CABAR.asia

“Мисалы, күйүүчү май Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде эң кымбат. Анын үстүнө ал жактагы аэропорт дагы аймактагы эң кымбат аэропорттордун бири. Кышында андан дагы кыйын, учактын сырты тоңуп калуусуна каршы атайын процедуралар жасалышы керек, метеорологиялык шарттар дагы оор. Узак процедура жана арзан эмес ырахат. Пайда тапмак тургай бир жылдын ичинде нөлгө дагы чыга алган жокпуз.

Биз кайрымдуулук уюм эмеспиз да, өзүбүздүн зыяныбызга уча бергидей” дейт авиакомпаниянын жетекчисинин орун басары Георгий Еременко.

«Avia Traffic Company» компаниясынын маалыматына караганда, Душанбе аэропортунда бир учакты тейлөөнүн баасы орто эсеп менен 10 миң долларга туура келет. Салыштыруу үчүн айтсак, “Манас” аэропортунда чыгымдар болжол менен төрт миң долларды түзөт.

Душанбе аэропортунун жетекчисине арзандатуу берүүнү суранып жасалган кайрылуу жоопсуз калганын айтат Еременко. Аны менен катар эле башка авиакомпаниялар учпай калган күндө дагы төрт жылдын ичинде жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөн эмес.

“Түз учуучу жүргүнчүлөр бар, бирок алар жумасына бир жолу учканга араң чогулат. Кышында болсо эки жумада бир жолу учтук. Бул каттамда жүргүнчүлөрдүн бир жылдык орточо толгону 56%ды түзгөн. Учактар жарымы араң толуп учуп турушкан. Биринчи эки жылда жакшыраак болчу, кийинки эки жылда такыр эле түшүп кетти.Ал учурда эптеп учуп жүрдүк. 2019-жылы болсо учууга такыр эле мүмкүн болбой калды”, — дейт Еременко.

Бирок жүргүнчүлөр Бишкек-Душанбе авиакаттамына суроо талап жогору экенин айтышат. Алардын айтымында, жарым орундуктары бош калган учакты алар эч көргөн эмес. Жайкы учурда билетке жетпей калган адамдардын саны көп болот дейт алар.

Хурсанд Хуррамов. Фото жеке архивинен алынды

Бишкекте иштеген тажик журналист Хурсанд Хуррамовдун айтымында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы авиакаттам абдан керек.

“Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, учурда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 1856 тажик студенттер окуйт. Андан сырткары, бул жакта жашаган тажик үйбүлөлөрдүн саны дагы аз эмес, алар туугандарына Тажикстанга барып турушат. Авиакаттамдардын жок болушу жок эле дегенде ушул катардагы жарандар үчүн кыйынчылыкты жаратат”, — дейт Хуррамов.

Аткарылган каттамдар менен жүргүнчүлөрдүн агымынын катышын эсептеп көрсө, жургүнчүлөрдүн жалпы агымы 2,5 эсеге түшүп кеткен болсо дагы, бир каттамдын жүргүнчүлөрүнүн саны 1,5 эсеге өскөн.

Бирок авиакомпаниядагылар 2019-жылга каратаорточо сан – 114 жүргүнчү болсо дагы жетишсиз. Бул каттамдарды аткарган учак 148 адамга ылайыкташкан.

Георгий Еременконун айтымында, бар авиаборттордун баары пайдалуу багыттарга бөлүштүрүлгөн. Пайда түшпөгөн Душанбе каттамынын ордуна авиакомпания Ошко каттамдарын көбөйткөн.

Жүргүнчүлөрдүн агымы дагы чоң, анан дагы ички каттамдар, ага жараша кыйынчылыктар азыраак.

Борбордук Азиядагы авиакаттам

Борбор Азиядагы каттамдар тармагы салыштырмалуу Алмата, Нур-Султан жана Ташкенттин аэропортторунда өнүккөн. Казахстан өзүнүн флагманы Air Astana компаниясын ички жана эл аралык каттамдарын субсидия кылып активдүү түрдө өнүктүрүп жатат.

2019-жылы Алмата аэропортундагы жургүнчүлөрдүн агымы алты миллион адамдан ашкан, ал эми “Нурсултан Назарбаев” аэропортунда бул көрсөткүч беш миллиондон ашты.

Ташкент аэропорту чоңдугу боюнча аймактагы үчүнчү аэропорт, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ал аркылуу 3 миллиондон ашык жүргүнчүлөр учкан.

Тажикстан жана Кыргызстан Борбордук Азия ичиндеги авиакаттамдарда эң аз байланышкан өлкөлөр. Биринчиси тажик авиакаттамдарын кармоо максатында чет элдик атаандаштарын киргизүүнү көп каалай бербейт. Кыргызстан өткөн жылдын башында “Ачык асман” саясатын жана аба эркиндигинин бешинчи деңгээлин жарыялаган, бирок азырынча эч кандай жыйынтык болбогондугун айтат КРнын жарандык авиация агенттигинин учуу кызматынын мурдагы жетекчиси Төлөн Арпачиев.

“Бизге жаңы агымдар көбөйүп, билеттер арзандайт деп күтулдү эле. Бирок эч ким эч кандай анализ жүргүзгөн жок. Рыноктун конъюктурасы изилденбеди. Бир жылдан ашса дагы эч кандай жыйынтык болгон жок – билеттер дагы арзандабады, каттамдар дагы кошулбады.

Бул биздин жарандык авиацияга каршы кылмыштык мыйзам болду деп эсептейм. Малайзиянын, Түштүк Кореянын же Тегерандын авиалиниялары бизге учпайт, анткени, алардан дагы, бизден дагы жүргүнчүлөр дагы, жүк дагы, почта дагы жок”, — дейт Арпачиев.

Ушул жылдын 3-февралынан тарта иран Varesh Airlines авиакомпаниясыТегеран-Душанбе-Бишкек-Тегеран каттамы боюнча уча баштады. Бир жумада бир жолу – дүйшөмбү күндөрү каттам жүргүзүү пландалып жатат. Бирок Душанбе-Бишкек билети канча болорун азырынча эч ким билбейт – “Манас” аэропорту дагы, туроператорлор дагы.

Бул каттам боюнча адистердин прогноздору дагы оптимисттүү эмес:

“Менин прогнозум боюнча, ал эки айдан ашык иштебейт. Балким, жайга чейин созулушу мүмкүн. Себеби, учак 200-250 жүргүнчүнү баткырат. Керосиндин бир тоннасы 999 доллар турат. Тажиктер бул жакка учпайт. Тегерандан болсо бир айдын ичинде 50дөй адам учат. Адам толбойт. Каттам өзүн-өзү акташ үчүн жок дегенде 60-70%га толушу керек. Алар пайда көрбөсө иштебейт да”, — дейт Төлөн Арпачиев.

Азиз Набизода. Photo: ozodi.tj

Ошол эле маалда Тажикстандын жарандык авиациясынан билдиришкендей, тажик авиалинияларынын абалы кыйла жакшырып калды, ага байланыштуу Бишкекке болгон каттамдар кайра жанданышы мүмкүн.

“Жакынкы убакта тиешелүү учактын ремонт иштери аяктайт жана авиакомпания [«Таджик Эйр»] Бишкекке болгон каттамдарын кайра жандантат. […] Ал эми «Сомон Эйр» Embraer учактарын кыска багыттар үчүн сатып алып жатат. Бул учактар 100 жүргүнчүгө чейин баткырып, коммерциялык жактан көп пайда алып келбеген каттамдардын чыгымдарын азайтат”, — дейт мекеменин жетекчисинин орун басары Азиз Набизода.

Кыргызстандын жарандык авиациясынын маалыматына караганда, «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Душанбе-Бишкек-Сеул каттамы боюнча учууну пландап кат менен кайрылган, азыр Бишкек менен Сеулдун ортосунда уруксат алуу күтүлүп жатат.

“Сүйлөшүүлөр кытай тарап менен дагы жүрүп жатат. “Эйр Манас» компаниясынын жаңы ээлери жаңы үч учак сатып алышты, алдын ала төлөм катары акчасын да берип коюшту, бул учактарды дал ушул багытта учурууну пландап жатышат. Жыштыкты биз бердик, жайында, учуп башташат деген ойдомун”, — дейт агенттиктин жетекчиси Курманбек Акышев.

Анын айтымында, агенттик жыштыктарды бергенге даяр, бирок суроо-талап жок болуп жатат. Мамлекеттен дотация албаган жеке менчик авиакомпаниялар каттамдарды тандаганда өз пайдаларын эсептеп көрүп тандашат.

Марттын аягына чейин бардык авиакомпаниялар жарандык авиацияга каалаган каттамдары боюнча жыштыктарды алуу үчүн кат менен кайрылышат. 29-мартта жаз-жай навигациясынын сезону башталат, ал 7 айга созулат. Бул мөөнөткө чейин Кыргызстанда бар авиакомпаниялардын авиакаттамдарынын жадыбалы түзүлүп калышы керек.

Макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты