»Уу коргошунду колдонууга тыюу салуу керек» (ВИДЕО)
- 4 года мурун
- Видео
“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө COVID-19ду дарылоодогу уу коргошунду колдонуунун кооптуулугуна сереп салабыз. Студияда — Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары клиникалык фармакологу, медицина илимдеринин доктору, профессор Аида ЗУРДИНОВА жана Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары башкы инфекционисти, медицина илимдеринин доктору, профессор Айнура КУТМАНОВА.
Аида ЗУРДИНОВА : -Уу коргошун уулуу өсүмдүктөр түрүнө кирерин баарыбыз эле билебиз. Анын курамында аябай уу заттар бар. Үч миң жылдан берки медицинаны, фармацевтика жагын карасак, китептерде, журналдарда уу коргошундун ар кандай сапаттары жазылган. Медицина журналдарында уу коргошун менен ууланып, өтө оор абалга түшкөн кандайдыр бир тажрыйбалар жазылып жатат.
Өз убагында, 1974-жылы, профессор Абдулхай Алдашев аконитке (аconitum — уу коргошундун латынча аталышы) байланыштуу китебинде акониттин тарыхын, түрлөрүн, сапаттарын анализдеп, кайсы өлкөлөрдө эмне болуп жатканын, Кыргызстандагы тажрыйбаны жазып кеткен. Кантип колдонуу керектиги, рецепттери бар экен. Бирок натыйжасын чыгарганда медицина тармагы аябай өнүгүп келе жатат, элдин арасында колдонгон ыкмаларды медицинада колдонууга болбойт деген. Анткени колдонуш үчүн ал токсикология, фармакология жагынан жакшы изилдениш керек.
Акониттин сапаттары, тажрыйбалар Кытайда жана башка булактарда ага чейин деле жазылыптыр.
Бирок азыркы белгилүү болгону акониттин фармакология жагынан кууш терапевттик диапазону бар, терапевттик дозасы менен уулуу дозасынын ортосунда айырма аябай кичине, миллиграммы эле ашык болсо, уу болуп калат. Ушул мүнөздөмөсү боюнча эл аралык деңгээлде аконитти дары катары колдонбоо сунуштамасы бар. Азыркы убакка чейин бир да өлкөдө, ошол эле Кытайда, аягына чыгып изилденип бүтө элек.
Менин каршы болгонум, аягына чейин изилденип бүтө элек дарыны бүт элге колдонуу туура эмес. Анткени токсикология, фармакология жагынан изилдөөнүн стандарттарын туура колдонуш керек. Канча кылымдан бери табыптар колдонуп келген, рак өнөкөтүнө да колдонуп жатышат дешүүдө, бирок илимий жагынан так аныкталмайынча, дары болобу, өсүмдүк болобу, биз практикада колдоно албайбыз.
Айнура КУТМАНОВА: -Жаныбарларга сынап көргөндө, эксперименттен кийин дозасын өлчөп, анын эффекти кандай болду деп изилдешет да. Аягында патология-морфологиялык өзгөрүүлөрдү, акониттен ички органдарда кандай бузулуу болду деп карашат. Менин көңүл бурганым-кан тамырларда кан туруп калат экен. COVIDге карасак, аконит COVIDге жардам бербейт, такыр болбойт. Анткени биз COVIDде тамырларда кан уюп калат, тромбоз болот деп айтып жатпайбызбы. Аконит ошого окшотуп, канды көп жүгүртпөй, капиллярда туруп калса, кандын уюшун дагы көбөйтүп жиберет.
ЗУРДИНОВА: -Дары болобу, өсүмдүк болобу, клиникага чейинки изилдөө жаныбарларга жүргүзүлүшү керек (чычкан же коен болобу, кайсы гана жаныбарлар болбосун). Эмне үчүн жанырбарларга изилдейт, анткени так дозасын аныкташ керек. Акониттин терапевттик дозасы менен уулуу дозасынын ортосунда айырмасы кичине, ошондуктан кайсы доза жаныбарды өлтүргөнү изилдениш керек. Ал аныкталгандан кийин ушул дозада бергиле деп сунуштама берилет. Ошол жагы жок болду да.
COVIDге изилдеш үчүн ошол жаныбарларды COVID менен оорутуш керек эле, анан берип, изилденет. Канды, органдарды кандай кылат? Кан уюганда, органдарга кан жетишпей калып, органдарыбыз жаман иштейт да. Ошон үчүн азыркы убакта биз протоколдо жазгандай, бүт органдар сезгенет, мээ болобу, боор болобу, эң негизгиси — жүрөк. Аконит жаныбарларда изилденгенден кийин клиникалык-эксперименталдык сынак болушу керек. Ал 4 фазадан турат. Биринчи фазасы ыктыярчылар болушу керек. Ыктыярчылардын саны 20-30 кишидей болот, алардын канын изилдейт, изилдеө параметрлери бар. Экинчи фаза илдетке кабылган адамдар арасында изилденет, 100-300 кишиге берип, бүт анализдери аныкталат. Үчүнчү фазада ири изилдөө болушу керек. Ал көзөмөлгө алынуучу иликтөө. Көзөмөлгө алынуучу группа болушу керек. Эл аралык практикада көзөмөлдөөчү группа плацебо эффектин алган группа. Изилдөө бир айда же үч айда бүтүп калбайт. Изилдөөгө үч миңден көбүрөөк адам катышышы керек, алар бир жылдан беш жылга чейин изилдөөдө болот.
Эң негизгиси изилдөөнүн кайсы гана фазасында болбосун, адам “өз ыктыярым менен кирдим, дооматым жок” деп жазып берет. Эгер кандайдыр терс жактары болсо, ошол адамдарга төлөм берилиш керек, анткени ал өлүп же майып болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн финансылык жагы да каралууга тийиш. Төртүнчү фазада эл арасында көп колдонулуп калгандан кийин терс жактарын чогултуш үчүн атайын изилдөөлөр бар, алар да аябай керек. Анткени кандай терс жактары болушу мүмкүндүгү так аныкталышы зарыл. Алар бизде азыраак же көбүрөөк болобу, ошону билүү керек.
Азыркы убакта аконит боюнча COVIDге байланыштуу клиникага чейинки изилдөө жок, клиникага чейинки изилдөөсү жок эле бере баштады, экинчиден этикалык, моралдык жагы бар. 1947-жылы кабыл алынган Хельсинки декларациясында ар кандай изилдөө өткөрүш үчүн адамдардан өз ыктыяры менен маалыматтык макулдугун алыш керек. Ансыз бир да изилдөө боло албайт. Адамдан макулдук алыш үчүн ага маалымат берилиши керек, эмне үчүн жана эмне деген дары берилип жаткандыгы боюнча.
Башка ооруларга Кытай, Японияда изилдениптир. Кытайда аконитти изилдешиптир, ал ашказанга бат сиңет экен, канга бат түшөт, органдарга тез тарайт, аконит бүт органга сиңет. Ал дарынын чыгышы да кыйын болот, боор аркылуу өтөт, боорго үч түр фермент таасир этет, башка дарыны алып жатсаң, ошол фермент керек, бирок аконит аны башкача иштетип коет. Акониттин терс жагы батыраак чыгат. Боор, бөйрөккө терс таасир этет экен.
АЙНУРА КУТМАНОВА: — Дары эрежеси жок, сунушу жок берилип жатса, ал башка дары менен кошулуп жатканда, кандай эффект берет? Гепарин бергенде чөп-чарлар эффектти күчөтүп жиберет. Аконит менен кандай өз ара аракеттешүү болот, аны изилдеш керек. Изилденбеген көп суроолор бар…
КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:
Сүрөт жана видео: «ПолитКлиника» медиасы.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелде журналисттерге талкууга түшкөн уу коргошун тууралуу маалымат берген. Анын айтымында, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлдү.