Элчи кыргызстандыктар үчүн АКШга визалык чектөө боюнча түшүндүрмө берди (Видео)

АКШ Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизди. Мындай чечим 31-январда кабыл алынганын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу кабарлады.

Элчилик виза боюнча киргизилген чектөө тууралуу Дональд Лу видеокайрылуу таратты.

Элчи Донлаьд Лу мындай деп билдирди:

— Вашингтондун айрым кыргыз жарандары үчүн виза чектөөлөрүн киргизүү чечими тууралуу бизге көптөгөн суроолор келип түштү. Бул чечим эмнеге таасир этет же этпейт, ушул тууралуу сиздер менен ачык сүйлөшкүм келип турат.

Бул — виза берүүгө толук тыюу салуу эмес. Бул визаларды туристтерге, ишкерлерге, жумушчуларга жана студенттерге берүүнү улантмакчыбыз.

Экинчиден, бул чектөөлөрдүн негизинде биз бир да визаны жокко чыгарган жокпуз. Эгер сиздин колуңузда визаңыз болсо, анда Кошмо Штаттарга жөнөсөңүз болот.

Вашингтон визалардын эки категориясын берүүнү убактылуу токтотууну чечти, иммигранттар үчүн жана бир катар өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Грин-карт виза лотореясынын катышуучулары үчүн.

Эмнеге жана мындан ары эмне болоорун түшүндүрүп берүүгө уруксат этиңиздер. Сиздердин өкмөтүңүздөр менен бир кыйла убакыттан бери кыргыз паспортторунун коргоо деңгээлин жогорулатуу жана терроризм тууралуу өкмөт аралык маалымат алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенбиз.

Бул чечим Кыргызстанды аталган маанилүү кадамдардын ишке ашырылышын тездетүүгө багыттайт деп үмүттөнөбүз.

Вашингтон маал-маалы менен бул максаттарга жетишүүдөгү өнүгүүгө көз салып турат жана бул чектөөлөр тез арада алынып салынат деп үмүттөнөм.

Эгерде сиздерде иммиграциялык визалар жана (Грин-карт) виза лотореясы тууралуу суроолор болсо, биздин кийинки Facebook Live чаттагы баарлашуубузга катышыңыздар. Анда биздин визалык адистерибиз суроолоруңуздарга жооп беришет.

Мен сиздерди ишендиргим келет, биз бул маселелерди чечүү үчүн Кыргызстан менен бирге иш алып барабыз жана АКШга барууну пландап жаткан кыргыз жарандарына болгон жардамыбызды аянбай кызмат көрсөтүүнү улантмакчыбыз.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты