​Равшан Жээнбеков камакта калды (Видео)

  • 4 года мурун

Бишкек шаардык сотунда Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралды. Биринчи май райондук сотунун коллегиясы Равшан Жээнбековду 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1 ге камоо чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

Равшан Жээнбеков «Мунун баары саясий буюртма! Биз аягына чейин күрөшөбүз» деп билдирди Равшан Жээнбеков.

«Менин сотумдун баары ачык болушун талап кылам. Эгер жабык болсо, анда мен андай сотту тааныбайм» деп айтты ал.

Равшан Жээнбеков 12-декабрда камакка алынган.

Жээнбековду 2020-жылдын 9-февралына чейин камоо чечимин 14-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Жээнбеков СИЗО-1 абак жайында кармалат.

Адвокат Замир Жоошев Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жаткандыгын айтты.

7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жараат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты