Тажикстанда чек ара заставасына чабуул койгон 15 согушкер жок кылынды

  • 4 года мурун

6-ноябрга караган түнү куралчан топ тажик-өзбек чек арасына чабуул койду.

Тажикстан улуттук коопсуздук комитетинин чек ара башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып, РИА Новости агенттиги бул тууралуу билдирди.

Анда беткап кийген куралчандар “Султанабод” отрядынын №4 “Ишкобод” бөлүмүнө кол салган. Бул Дүйшөмбү шаарынын 60 чакырым ары жайгашкан.

Атышууда чек арачы жоокер жана милиция кызматкери каза болду.

“Күч структураларынын курчоодо калган 15 куралчан кылмыштуу тобуна каршы операцияда 15 куралчан жок кылынды, бешөө кармалды” деп билдирди Тажикстан УКМК басма сөз кызматы.

Ал эми Өзбекстан чек ара кызматы бул окуя аларга маалым экени жана иликтенип жатканы тууралуу кабарлаган.

Тажикстандын Өзбекстан менен чек арасынын узундугу 1,33 миң километр.

СССР кулагандан кийин анын 20% тилкеси делимитация болгон эмес, ошондой эле демаркация болгон эмес, б.а айтканда такталып белгиленген эмес.

2018-жылдын март айында эки өлкөнүн мамлекет башчылары чек аранын айрым тилкелери боюнча келишимге кол коюшкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты