​Бишкекте кишинин жүзүн тааный турган видеокамералар орнотулат

  • 4 года мурун

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков эл аралык донорлордун жардамы менен Бишкекке кишинин жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулуп жатканын айтты.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул иштер Бишкекте түзүлгөн «Командалык борбор» долбоорунун алкагында аткарылып жатат.

Министрлик аталган борбордун максаты — кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздоо экенин кабарлады.

Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 306 жерге видеокамера орнотуу пландалууда.

Бишкек шаарынын алты кичи районунда 72 камера коюлду. Жакын арада Бишкектин 11, 12 жана «Асанбай» райондоруна да видеокамера орнотуу каралууда.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Долбоордун экинчи баскычын кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы 2 654 558 940 сомго ишке ашырат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты