Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Кыргыз чек арачы каза тапты

  • 5 лет мурун

Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын билдирди.

КР Чек ара кызматы тажик тарап биринчи болуп ок жаңырткандыгын айтты. Алдын-ала маалыматтар боюнча Кыргызстандын чек ара кызматынын чек арачысы каза тапты.

“Тажик тарап биринчи болуп ок жаңыртты. Алар “Максат” чек ара постун аткылады. Андан кийин Баткен облусунун Лейлек районундагы “Сай” убактылуу чек ара постун аткылады.

Алдын-ала маалыматтар боюнча Кыргызстандын чек арачысы каза тапты.

21:30 да атышуу токтоду, — деп билдирди чек ара кызматы.

Чатактын чыгышына тажик тараптын чек арадагы такталбаган жерге курулуш иштерин жүргүзгөнү себеп болгон. Кыргызстандын жараны да ага жооп кылып, өз үйү тарапка дубал тургуза баштаган.

Эки өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзгөн, бирок тажик тарап курулушту уланта берген. Тажиктер ок жаңырткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты