Жээнбеков менен Путин Кремлде эмне тууралуу сүйлөшөт?

Бүгүн, 11-июлда, Швейцариядан расмий сапардан келе жатып, Президент Сооронбай Жээнбеков Кремлде Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушаары белгилүү болду.

Кыргызстандын Президентинин басма сөз кызматы бул жолугушуу тууралуу маалымат тараткан эмес, андай маалыматты Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады. Бирок сүйлөшүү эмне тууралуу болору айтылган жок.

Божомолдорго караганда сөз мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында болору тууралуу сөздөр коомчулукта айтылууда.

Саясатчы Равшан Жээнбеков алдыдагы сүйлөшүүлөр тууралуу фейсбук баракчасына мындай деп жазды:

«Менимче, азыркы эң актуалдуу, талкууланчу маселелердин бири — «Атамбаев маселеси».

Дагы башка 1-2 тема бар. Бирок алар жөнүндө башка постто…

Кремль Кавказды, Украинаны «жоготту». Венесуэла, Сирия чатак. Тынч, Россияга берилген Борбордук Азия гана калууда. БА дан Кыргызстан менен Казакстан өзгөрүүдө. Ушул фондо, Кремль өзү колдоп, койгон, эки кыргыз президентинин, «жаман прецедент» жаратып аткан саясий конфликти, аларга, жагымсыз. Регионго тынчтык керек.

Жеке Путинге, жаңы гана бийликти трансформация жасап аткан Назарбаевге, азыркы президент Жээнбековдун мурдагы президент Атамбаевди куугунтуктап атканы аябагандай жаман прецедент. Казакстанга, Россияга жуга турган инфекция.

Кремль жана Астана чечим кабыл алат. С. Жээнбеков алардын айтканын аткарат.

Жыйынтык, мен мурдатан эле айтып жүргөндөй, «Атамбаев маселеси» Москвадан чечилет» деди Равшан Жээнбеков.

Атамбаев 26-июнда Кой-Таш айылында түзүлгөн штабда билдирүү таратып, Батукаевдин ишинде Россиянын Президенти Путин да өз оюн айтаар деп билдирген.

—Бул маселе боюнча Орусиянын президенти, урматтуу В.В. Путин да өз сөзүн айтаарына ишенем, анткени мен андан Батукаевди кайрадан Кыргызстанга кайтаруу жөнүндө оозеки да, кат түрүндө да далай жолу сурангам.

Мен өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдүн акыркы күнүнө чейин Батукаев кайра Кыргызстанга өткөрүлүп берилет деп ишенгенмин. Бүгүн бул фактылар туурасында кыргыз бийлиги унчукпай жатат,- деп айткан Атамбаев.

Билдирүүгө Владимир Путиндин жардамчысы Дмитрий Песков бул өлкөнүн ички маселеси дегендей жооп узаткан.

Бирок абал андан бери өзгөрдү деген пикирин билдирди серепчи Марс Сариев.

-Азыр Москванын позициясы өзгөрдү деп ойлойм. Алар Борбор Азияны жоготуп алабыз деп ойлоп, тез арада ушундай жолугушууну уюштурду. Жай олтуруп жеке сүйлөшүүдө алар маалымат менен бөлүшөт” деди Марс Сариев.

— Саясий серепчи Сариев Путин менен Жээнбековдун сүйлөшүүсүндө Кыргызстандын мурдагы президенти менен азыркы президентинин ортосундагы маселе талкууланышы мүмкүн. Бирок ал тема башкы тема болбойт деген пикирде.

-Алмазбек Атамбаевди азыркы ролунда тышкы күчтөр пайдаланып кетиш мүмкүн.

Россиянын президентин Кыргызстандагы эле чыңалган абал эмес, Грузия, Армения, Казакстандагы абал да тынчсыздандырат,- деди Марс Сариев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты