​SpaceX глобалдык интернет үчүн орбитага 60 спутник учурду

  • 5 лет мурун

Space X компаниясынын Falcon 9 ракета ташыгычы орбитага 60 кичи спутнигин учурду.

Ал интернет-трафигинин глобалдык түйүнүн түзүүгө багытталган. Алардын баары интернетке кошулду.

Бул тууралуу Илон Масктын SpaceX компаниясы “Твиттер” баракчасында билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Эки баскычтуу ракета Флорида штатындагы Канаверал космодромунан учурулду.

Falcon-9 ракетасынын биринчи баскычы Атлантикалык океандагы платформага конду.

Экинчи баскыч дагы ийгиликтүү бөлүнүп чыкты. Ракета учуруу жараяны SpaceX компаниясынын YouTube-каналында түз чагылдырылды.

Биринчи жолу аба ырайы жакшы болбой, кийин жабдууларды кайра текшерүү үчүн ракетаны учуруу мөөнөтү эки жолу жылдырылган.

Starlink долбоору 2015-жылы иштелип чыккан, ал жер жүзүнүн бардык аймагын ишенимдүү жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоого багытталган.

Эки тесттик спутник 2018-жылы февралда ийгиликтүү түрдө учурулган. Илион Маск орбитага бир нече миң космос аппаратын учурууну пландоодо. Долбоордун жалпы наркы 10 миллиард долларга бааланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты