​Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковго койгон доосун кайтарып алды

  • 5 лет мурун

Жалил Атамбаев аттуу ишкер журналист Ыдырыс Исаковго койгон доосун соттон кайтарып алды.

Бул тууралуу Жалил Атамбаевдин жактоочусу Шумкарбек Абдыжапаров билдирди.

“Ыйык орозо айында Исаков менен соттошпойлу деп чечтик. Биздин Исаковго дообуз жок” деди жактоочу.

Жалил Атамбаев 29-октябрда “Азаттык” радиосунда уктурулган “Ош: Салыктан качкан ишкерлер” аттуу иликтөөсү үчүн Ыдырыс Исаковго 50 млн сомдук доо коюп, сотко кайрылган. .

Бул окуя боюнча журналисттер Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдогон.

Исаковдун сүрөтү: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты