“Уран казуу долбоорун эл кабыл алгыча токтотобуз” деди компания өкүлдөрү

«ЮрАзия Кыргызстан» компаниясы, Борбор-Азия уран компаниясы, Кара-Балта тоо кен комбинаты Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенинин айланасындагы маселелерге байланыштуу басма сөз жыйынын өткөрдү.

Борбор-Азиялык уран компаниясы өкүлү Андрей Акимов долбоор тууралуу азыр айтылып жаткан маалыматтардын 90% ашыгы жалган экенин, ага карабай компания Ысык-Көлдөгү уран казуу боюнча долбоорду токтоторун билдирди.

Аталган долбоорго лицензия 2010-жылы алынган. Бирок, эл өзүнүн каршылыгын билдирип жаткандыктан, долбоорду токтото турдук. Эгерде атайын комиссия экологияга эч кандай зыяны жок экендигин аныктаган күндө дагы, эл кабыл алмайынча, долбоорду баштабай турабыз, -деди Акимов.

Ал эми «ЮрАзия Кыргызстан» компаниясынын башкы директору, геолог Светлана Менг кенди казып алууда жергиликтүү тургундарга жана экологияга коркунуч жоктугун билдирди:

Уран кенинде эгер жер алдынан, урандын тамырынан ири казууларды жүргүзсөңүз гана чоң коркунуч болот. Бул жерде адамдар бир нече муун жашап келген. Жөн эле көбүртүп жатышат.

Биз уранды казууда дүйнөдөгү эң коопсуз технологияны тандап алганбыз: химиясыз, жардыруусуз жана калдыксыз иштейбиз. Анткени, ал жердеги уран байытылган уран эмес. Биз жөн эле аймакты тазалап чыгып кетебиз, ал жер таза, иштеткенге ыңгайлуу болуп калат. Жайытты жакшыртабыз. Азыр ал жер жөн эле таштууталаа, -деди ал.

Кара-Балта тоо кен комбинатынын башкы директору Данияр Исаков буга чейин Казакстандан келген чийки заттарды кайра иштетүү менен алектенгенин билдирди:

Биз буга чейин Казакстанданалынып келген чийки заттарды кайра иштетүүдөн өткөрчүбүз. Бирок, ал токтотулуп калды. Ошондуктан, мурдагыга салыштырмалуу каржылоо азайды. Ал эми азыркаралып жаткан иште терең казуу жургүзүлбөйт. Анткени, ал чачылма кен. Андай жерлерди майдалоо сыяктуу кошумча жумуштарды жасоонун кереги жок болот, деди Данияр Исаков.

Ырыс Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты