Жыргалаңда кароосуз калган шахта урап, бир киши көз жумду
- 3 года мурун
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында кароосуз калган шахта урап, ичинде 1963-жылы туулган К.В аттуу киши калып калгандыгы тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшкөн.
Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Ал жакка бүгүн, 13-ноябрда, саат 19:50дө ӨКМ кызматынан 13 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын сөөгүн “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Муну бөлүшүү