Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиевдин сотко бергени боюнча билдирүү жасады

  • 4 месяца мурун

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин сотко бергени боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Алымкадыр Бейшеналиев жумушка келгенден бери президенттин ишенимине кирип, анын атын сатып, мамлекетте эң маанилүү саналган саламаттыкты сактоо тартмагын талкалап бүтмөй болду. Өткөн сессияда анын уюшкан кылмыштуу топторго түздөн-түз байланышы бар деп айткам. Мен ар бир сөзүмө депутат болгонго чейин жооп берип жүргөн жигитмин. Алымкадыр Бейшеналиев уялбастан мени сотко берди. Ал Гиппократ антын ичкем, ошон үчүн мага келген кылмыш дүйнөсүнөн болобу, башкасыбы операция кылганга мажбурмун дейт. Кыргызстанда мыйзам бар. Ар бир кылмыш укук коргоо органдарына маалымдалышы керек. Ал үйүнө бекитип алып операция жасап жатат. Ал Гиппократтын антына эмес, АКШнын долларына жасап жүргөн. Элдин башын айландырбасын», — деди депутат.

Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиевдин айланасында кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар иштеп жатканын билдирди. Аны өзүн коррупциялык иштерге айыптады.

Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындаган.

Бейшеналиев Коргонбай уулуну сотко берген.

Алымкадыр Бейшеналиев бир жыл мурда саламаттык сактоо министри кызматынан президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бошотулган жана 7 айдан кийин кайра дайындалган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевди коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга байланыштуу кармап, ага карата 7 кылмыш ишин козгогон. Андан соң министр ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген.

2022- жылы 16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирген. Ал ички иштер министрлиги кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганын белгилеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты