Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын иши сотко өттү

  • 2 года мурун
Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын иши сотко өттү

Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын иши сотко өттү. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, оператов Калыс Аширбаевдин дагы иши сотко өттү.

Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалганы кабарланган. Аны 4-ноябрга караган түнү, түнкү сааат 1де алып кетишкен. Анын кош бойлуу экенине, дарыгерлер «боюнан түшүү коркунучу бар» дегенине да карашкан эмес. Ошондой эле оператор Калыс Ашырбеков да кармалган.

Кармалгандан кийин кош бойлуу Санрабия Сатыбалдиева ооруканага түшкөнү кабарланган. Ооруканага алынган жеринен да аны күч менен милиция алып кеткенин укук коргоочу Азиза Абдирасулова маалымдаган.

Санрабия Сатыбалдиевага кылмыш жаза-кодексинин 208 беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын ИИМ билдирген.

Сатыбалдиева менен кошо оператор Калыс Ашырбаев да аталган кылмышка шектелгендиги белгиленген.

ИИМдин маалыматында шектүүлөр аталган кылмышты жасагандыгын мойнуна алгандыгы айтылган. Бирок Сатыбалдиева ал кылмышты мойнуна албагандыгын жана бул жалаа жабуу экендигин билдиргендиги маалым болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты