Журабаева: Шайлоочулардын добуш берүүгө барбаганы натыйжага таасирин тийгизет (Видео)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө “Парламенттик шайлоо: Милдеттер жана маселелер“ деген теманын алдында БШКнын экс-мүчөсү Гүлнара Журабаева мурдагы катачылыктарды кайталабоо, биргелешип, шайлоону таза, адилет өткөрүү шарттары тууралуу айтып берди. 

Өкүндүргөнү  — бир мандаттуу округдардан талапкер болуп арыз берген аялдардын аз болгондугу. Өзүн-өзү көрсөтүп, 31 аял арыз берген экен. Аларга мен ыраазы болуп жатам, анткени бир мандаттуу округдардан эркектер, олигархтар менен аттанып жатат.

Эң коркунучтуусу — саясатка кирип жаткан уюшкан кылмыштуу топтор, ОПГ бар. Аялдар андай топторго кирбейт, позициясы туруктуу, уюшкан кылмыштуу топторго каршы өз позициясында бекем турушат. Уюшкан кылмыштуу топтор дагы аялдарга анчалык басым кыла албайт.

Бир мандаттуу округдарда аялдардын шарттары азыраак. Аялдар атаандаштыкка эркектер менен чыгат.  Партиялык тизме менен кеткенде, биринчиден, 30 пайыз аялдарга берилет.  Бир мандаттууда андай жок.

Талапкерлердин белгилүү экенин эле эмес, аны эл кандай жагынан билет, ушул жагына да караш керек.

Эң өкүнүчтүүсү, мен БШКга мүчө болгондо билип калдым. 60 пайыз шайлоочулар шайлоого барбайт.

Шайлоочулар барбаган үчүн андай натыйжа болуп атат. Каршы болсо да барыш керек. Тарыхта бир окуя болгон, менимче Кочкордо, бардыгына каршы болуп, шайлоо болбой калган. Эгер талапкерлер жакпаса, репутациясы төмөн, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болсо, мындай талапкерлерге каршы добуш берип коюуга да болот.    

Окуялар кайталанбашы үчүн, биринчи жоопкерчилик — бийликте. Бийликтин колунда милиция, УКМК бар, алар да шайлоочуларды сатып алууга чара көрүш керек.  Өткөн жылкы парламенттик шайлоодо шайлоочуларды сатып алуу, административик ресурсту колдонуу жайнап кеткен.  БШКда КГОР -тез реакция кылуу группасы бар,  ошол жерде чырылдап эле жүргөнбүз, эмне үчүн ошолорго чара көрүлбөйт деп.  Менин мурунку кесиптештерим ошол иликтеөөлөрдү милиция кылсын деген. Бул жерде менин позициям башкача болчу, мыйзам бузуу  боюнча видеону көрдүкпү, аны чыгарып салууга  БШКнын укугу бар да,  аны дароо чыгарып салалы дегенбиз. Бирок менин кесиптештерим “жок, милиция баштасын, бизге маалымат берсин, анан чыгарабыз” дешти.   Партияны же талапкерлерди шайлоодон чыгарып салыш керек.

Мына ушул айтылгандар өткөн шайлоонун жокко чыгарылышына биринчи себеп болду.

Экинчи себеп — форма №2 болгон.   Бул же шайлоочуларды сатып алуу, же админресурс.    Аларды бир участоктон башкасына ташып, акча берип, админресурсту пайдаланышты.   Эл буга макул болгон жок.

Дагы бир нерсени шайлоочуларга, партияларга айтып коет элем, эркин тандоо болуш керек. Ал эми эркин тандоонун бир принциби — добуш берүүнүн купуялыгы.  Добуш берүүнүн купуялыгы сакталбаган жерде добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарыш керек.

Азыр мыйзамга кирди, кээ бир партиялар, алардын өкүлдөрү шайлоочуларды сатып алып жатса, ошол партияны каттоодон чыгарыш керек, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарса болот. 

Бирок мыйзам бузулгандыгы тууралуу маалыматтарды шайлоочулар, башка талапкерлер, партиялар көрсөтүшү зарыл.  Мыйзам бузууну БШКнын сайты бар, ошол жерге билдирип туруш керек.  

Шайлоону таза өткөрүш үчүн шайлоочуларыбыздын, партиялардын салымы болуш керек,  бул бир гана БШКнын иши эмес, бул-бардыгыбыздын ишибиз. Биргелешип иштесек, биз бийликти таза шайлоо өткөрүүгө милдеттендиришибиз керек.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты