Жумгалда бир гектардан ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылганы айтылды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлеттик комитети (УКМК) Нарын облусунун Жумгал районунун мурдагы ремонттук-техникалык станциясына (РТС) — азыркы «Жумгал-Айылтехсервис» ЖЧКсына тиешелүү 1,14 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

РТС объектисинин аянты 4,5 гектарды түзгөн. Белгиленгендей, СССР тарагандан кийин РТС «Жумгал агротехникалык бирикмесине» айландырылып, кийин Айыл жана суу чарба министрлигинин жер-агрардык реформа боюнча коллегиясынын «Мамлекеттик ажыратуу жана менчиктештирүү жөнүндө» №535 токтому менен 1999-жылдын 12-июлунда «Жумгал-Айылтехсервис» ЖЧКсы болуп кайра түзүлгөн. Анын директору болуп Чаек айылынын тургуну Б.Т.С. дайындалып, башкаруу функциялары жер жана агрардык реформа боюнча борборго өткөрүлүп берилген.

Жер жана агрардык реформа боюнча борбордун директору О.Т. жана Б.Т.С. банкроттук шылтоосу менен «Жумгал-Айылтехсервис» ЖЧКсынын активдерин жеке менчикке чыгарылган.

“2004-жылы 0,4 га жер тилкесинин бир бөлүгү, «Жумгал-Айылтехсервис» ЖЧКсынын имараттары жана курулмалары «Жумгал сервис» кооперативине өткөрүлүп берилген. Ал аталган адамдар тарабынан алдын ала пландаштырылган схема боюнча юстиция органдарында жакын адамдарга катталган. Калган жер тилкеси мыйзамсыз, «Жумгал-Айылтехсервис» ЖЧКнын уставын жана Жер жана агрардык реформа боюнча борбордун жобосун бузуу менен жеке менчикке чыгарылган» деп айтылат маалыматта.

«Жумгал-Айылтехсервис» ЖЧКсынын кайтарылган жер тилкеси тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык, Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын балансына өткөрүлгөн. Учурда жергиликтүү бийлик мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында кайтарылган аймакка турак жайларды куруу маселесин карап жатат.

Буга чейин УКМК «Жумгал-Айылтехсервис» ишканасынын имараттары менен курулуштарын мамлекетке кайтарып берген. «Жумгал-Айылтехсервис» ЖЧКсынын кыймылсыз мүлкүнүн калган бөлүгүн мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылып жатканы белгиленди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты