ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун төртүнчү туру башталды
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 4-августта, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында абитуриенттерди кабыл алуунун төртүнчү айлампасы расмий түрдө башталды. Кабыл алуу жараяны «Абитуриент online» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу жүргүзүлүүдө.
Төртүнчү турга катышуу үчүн абитуриенттер 6-август саат 14:00гө чейин катталып, 7-август саат 10:00гө чейин жогорку окуу жайларга сунушталган талапкерлердин тизмеси жарыяланат, ал эми кабыл алууга макулдук 9-август саат 16:00гө чейин тастыкталышы керек.
Буга чейин өткөн үч турда 25 миңден ашуун абитуриент кабыл алынып, алардын 6 200дөн ашууну бюджеттик, 19 300дөн көбү келишимдик негизде окууга өткөн.
Эң көп тандалган адистиктер: билим берүү, гуманитардык илимдер, медицина, маалыматтык технологиялар, экономика жана финансы, юриспруденция.




