Жогорку сот Олжобай Шакирди пробацияга чыгаруу чечимин кабыл алды

Бүгүн, 8-октябрда, Жогорку сотто жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин аппеляциялык арызы каралды. Олжобай Шакирге жаза мөөнөтүн үч жыл пробацияда өтөө чечими чыкты.

Бул тууралуу соттун жүрүшүн чагылдырып жүргөн «ПолитКлиниканын» кабарчысы Бектур Оргубаев билдирди.

Ал эми адвокаты Акмат Алагушев журналисттерге мындай деп билдирди:

-Жогорку сот пробацияга чыгарды, 82-берене, кылмыш-жаза процессуалдык кодекси менен. Беш жыл эркинен ажыратуу жазасы калып жатат, үч жыл пробацияга чыгарды, шарттуу түрдө дегендей. Үч жыл ичинде пробациядан өтүп, эч кандай жаман жорук жасабаса, кийин чыгарылат. 10 күндүн ичинде токтом даяр болгондон кийин, СИЗОго булар кат жөнөтөт, андан кийин чыгарылат» деди адвокат Алагушев.

5-августта жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга абакка кескен Аламүдүн райондук сотунун чечимине, ошондой эле аны күчүнө калтырган Чүй облусттук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко апелляциялык арыз берилген.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган деп айыпталып, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголгон эле.

Замандаштары “Олжобай Шакирдин камалышы чоӊ катачылык болду” деп, президентке, УКМК төрагасына кайрылуу жолдоду.

Видео: «ПолитКлиника»

Сүрөт: Бектур Оргубаев/»ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты