Жогорку Сот Фарходбек Алимжановдун депутаттык мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды

  • 6 месяцев мурун

Жогорку Сот Фарходбек Алимжановдун депутаттык мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Сот Бишкек шаарынын административдик сотунун 2023-жылдын 4-августундагы аныктамасы жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы менен Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 2-октябрындагы өкүмү күчүндө калтырылган.

Бул боюнча Фарходбек Алимжанов Фейсбук баракчасына билдирүү жасады. «Мандат маселеси ушуну менен аяктады деген чечимге командам менен келип жатабыз. Элге кызмат кылууда жанымда болгон ар бир адамга ыраазычылык билдирем. Мени колдогон үй-бүлөмө, командама, партиялаштарыма, кесиптеш болгон эл өкүлдөрүнө, массалык маалымат каражаттарына терең ыраазычылык билдирем», — деп жазды ал.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутаттын — Фархадбек Алимжанов менен Фархат Исмаиловдун мандатынан 6-июлда ажыраткан. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук комитети Исмаилов менен Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматтта Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана юридикалык академияны аяктаганы, Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуганы жазылып турат.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты