Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы дайындалды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин басма сөз катчысы болуп Алтынбек Деркембаев дайындалды.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алтынбек Деркембаев  буга чейин Улуттук телерадиокорпорациясынын «Ала-Тоо» маалымат программасында, Президенттин жана Өкмөттүн басма сөз кызматтарында эмгектенип, ЭлТР телеканалынын көркөм жетекчиси, Чүй облустук СТВ телерадиокомпаниясынын директору, NewTV каналынын башкы продюсери болуп иштеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты