Жогорку Кеңеш мас абалда эреже бузган айдоочуларга  жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 15-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Баяндамачы, Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, мас абалында жасалган, бир же бир нече адам өлүмү болгон оор кесепеттерге алып келген эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, жабырлануучу менен жарашуу жолу аркылуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, жаза даражасын карап чыгуу, эркиндигинен ажыратуунун узак мөөнөттөрүн белгилөө жана пробацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталууда. 

«Мындан тышкары, мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн «А1» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда» деди Урмамбетов. 

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев жөө жүргөндөр үчүн жана мобилдик транспорт каражаттарынын айдоочулары үчүн жол тилкелерин өзүнчө бөлүү керектигин билдирди.

Эл өкүлү Болот Ибрагимов мас абалында укук бузуулар үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган нормаларды колдоп, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн айып пулдардын өлчөмүн жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады. Ошондой эле ал айып пул салуу процессинде коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу маселесине көңүл бурду.

Депутат Марлен Маматалиев айып пулдардын өлчөмүн ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринин кошумча шыктандырбастан жогорулатуу коррупциялык тобокелчиликтердин күчөшүнө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Андыктан, эл өкүлү айып пулдардын 50 пайызына чейинки бөлүгүн жол инспекторлоруна сый акы иретинде төлөп берүүнү сунуштады.

Депутат Жылдыз Эгенбердиева алкоголду өлчөө үчүн заманбап каражаттарды колдонуу маселесине токтолду.

Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Сүрөт: Жыйын учурунда. Баяндамачы Урмамбетов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты