Жогорку Кеңеш Исаматованы министрликке дайындоого макулдук берди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 25-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Гүлзат Исаматованы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Президенттин сунуштамасын жана талапкер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев айрым университеттерде студенттерден сабакты калтырганы үчүн алынчу төлөмдү жокко чыгаруу керектигин белгиледи.

Депутат Илимбек Кубанычбеков жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн сапатына, бир окуу жайдан экинчисине которулуудагы талаптарга көңүл бурду.

Депутат Дастанбек Жумабеков ЖОЖдордогу окутуу стандарттары заманбап талаптарды эске алуу менен кайрадан каралышы керектигин билдирди. Депутат

Гуля Кожокулова мамлекеттеги ар башка тармактарда Улуттук илимдер академиясынын илимий потенциалын пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

Депутат Камила Талиева кадрларды даярдоо, ЖОЖдордогу окуу төлөмүнүн кымбатташы, ошондой эле Баткен мамлекеттик университетиндеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу кеп кылды.

Эл өкүлдөрү талкуунун жыйынтыгында Гүлзат Исаматованы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты