Жогорку Кеңеш депутат Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 10-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Башкы прокуратурага депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүгө макулдугун берди.

Депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга 69 депутат макул болду.

Бул маселе боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Алишер Эрбаев маалымат берди. Депутат Эрбаев Эмил Жамгырчиевдин Өзбекстанга мыйзамсыз баргандыгы тууралуу айтты.

Камчыбек Ташиев чек араны мыйзамсыз кесип өтүү бул оор кылмышка кирбестигин, бул боюнча жарандар камалбай турганын айтты. «Чек араны мыйзамсыз өтүү беренеси боюнча эч ким камалбайт» деди УКМК төрагасы Ташиев.

Эмил Жамгырчиев Өзбекстанда Салимбай Абдувалиев аттуу криминалдык төбөлгө жардам сурап кат жазганын билдирди. Салимбай Абудвалиевге «Камчыбек Кыдыршаевич 180 миң доллар» доолады дептир. Мунун атасына бирөөлөр барып «Камчыбек Кадыршаевич сурап жатат деп, атасынан 180 миң доллар алып алышыптыр. Кайсы бир маалда шайлоодо биздин тегерегибизде жүргөн. Ал акчалар атасына кайтарылып берилген» деди Ташиев.

Эки жума мурун Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча комиссия түзүлгөн. Анын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исраилов, Султанбай Айжигитов кирген. Кийин Султанбай Айжигитов комиссия курамынан чыгып, анын ордуна Винера Райымбачаева кирген.

Депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат бергендиги маалымдалган.

Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев келтирген. Бул тууралуу 27-декабрда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев айтты. Анын айтымында, депутатка кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.

Эмил Жамгырчиев “чек араны мыйзамсыз өттү” дегенге макул эместигин, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө зарылчылык болбогонун айтты.  

УКМК тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө келгенде Жамг

Жамгырчиев фракциялашынын кабинетине кирип, 2-кабаттагы терезеден секирип түшкөнү айтылды. Депутат Нилуфар Алимжанова муну 10-январда Жогорку Кеңеште тастыктады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты