ЖМК тууралуу мыйзам долбоору: Бешинчи вариантынан кийинки бүдөмүк ойлор  

  • 1 год мурун

Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбоору кайра-кайра иштелип отуруп, 13-майда президенттик администрация анын бешинчи вариантын сунуштады.  

Медиакоомчулук тарабынан президенттик администрацияга мыйзам долбоорунун төртүнчү варианты 10-апрелде берилген. Мыйзам долбоорун президенттик администрация бир айдан кийин гана берсе, медиа коомчулуктан турган жумушчу комиссияга муну эки күндө карап чыгуу сунушталды. Ошентип, кайрадан талкуулоо 16-майга белгиленди.

Мыйзам долбоорунун бешинчи вариантында да бардык веб-сайттар ЖМК катары саналат. Жалпыга маалымдоо каражаттарына тармактык жалпыга маалымдоо каражаттары, веб-сайт, Интернет кирет деп белгиленет.

Мыйзам долбоорунун мурдагы вариантында бардык веб-сайттар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшү керек болсо, бешинчи вариант боюнча, алар Санариптик өнүгүү министрлигинен каттоодон өтүшү керек.   

Ошол эле учурда мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдарын, ченемдик укуктук актыларын жарыялаган сайттар ЖМК катары катталбайт.

Санариптик өнүгүү министрлигинен каттоодон өтүү үчүн татаал процедуралар, көптөгөн маалыматтар талап кылынат. Анын ичинде веб-сайттын максималдуу көлөмүн аныктап бериш керек. Ал эми веб-сайттын максималдуу көлөмү кантип аныкталаары тууралуу маалымат берилген эмес.

Веб-сайтты каттоого алууда ЖМКны каттатуу талабы сакталары айтылган.

Веб-сайттын окшош аталышы биринчи катталып калса, мыйзам долбооруна ылайык, ошондой аталыштагы көптөн бери чыгып келе жаткан веб-сайтты каттабай коюу нормасы каралган.   

Ошондой эле веб-сайтты ЖМК катары каттаган уюм жана регистрациялык номер дагы көрсөтүлүшү керек. Регистрациялык номерге веб-сайттын биринчи бетиндеги редакция тууралуу башкы маалыматты гана бериш керекпи же ар бир пост же видеодон кийинки регистрациялык номерди бериш керекпи деген суроолор жаралууда.     

“Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу” мыйзам  долбоору боюнча медиа уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топко чиновниктер кайрадан иштелип чыккан вариантты берген. Бирок эксперттердин, юристтердин айтымында, мыйзам долбоору анча-мынча гана өзгөртүүлөрдү эсепке албаганда, сөз эркиндигин чектөө, ЖМКлардын ишин жөнгө салуу эрежесинин катаалдашы дээрлик мурдагы редакциясындагыдай эле калган.  

ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссиянын мүчөлөрү өз сунуштарын президенттик администрациянын жана Министрлер кабинетинин башкармалыгынын башчысы Мурат Укушевге беришкен.   

Журналисттер жана эксперттер жалпыга маалымдоо каражаттары катары веб-сайттарды сөзсүз каттоого жана кайра каттоого алууну алып таштоону сунуш кылышууда. Алар белгилегендей, бардык ЖМК бүгүнкү күндө юридикалык жактар катары, ЖЧК, ЖИ, коомдук фонд жана бирикме катары катталган.   

Ошондой эле юристтер менен медиа эксперттер мыйзам долбоорунан веб-сайт деген түшүнүктү алып салууну сунушташат.

“Веб-сайт ЖМКга кирбейт, анткени “веб-сайт мааниси жагынан жакын текст жана графикалык маалыматтарды, сүрөттөрдү, видео жана анимацияны жарыялоо, башкача айтканда бул Интернеттеги аянтча болуп эсептелет».    

Президенттик администрациянын алдында ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз юристтерден, медиа өкүлдөр жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Буга чейин коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору катуу сынга кабылган. “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери аталган мыйзам долбоорунда адам укугун жана эркиндигин чектеген олуттуу алешемдиктер, тобокелдиктер бар экенин белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты