Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Аралыктан добуш берүү арызын кабыл алуу узартылды
- 4 дня мурун
17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узартты.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустук борборлорунда аралыктан добуш берүү үчүн арыздар кабыл алынуу. Бул үчүн атайын уюштурулган пункттарда, жети ЦОНдо, 10 ЖОЖдо жана 10 шайлоо участокторунда атайын кызматкерлер жардам көрсөтүшөт.
Аралыктан добуш берүү үчүн арыз берүү процесси жөнөкөй жана ыңгайлуу. Катталуу үчүн 6-ноябрга чейин tizme.gov.kg сайтына кирип, «Шайлоочунун кабинети» кызматынан пайдаланып арыз беришиңиз керек.
Суроолор боюнча 1255, 0550 350 650 (WhatsApp) телефондоруна кайрылыңыздар.
Жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү иши 18-октябрда аяктады. Андагы 5391 мандат үчүн 10452 талапкер катышаарын билдирди.
Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын деген жарлык кабыл алынды.
Сүрөттө: БШК имараты. «ПолитКлиника»