Жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жетти
- 9 месяцев мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 22-июнь күнү саат 23:10до Кыргызстанда очогунда 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Аламүдүн районунун Горная Маевка, Арашан, Кой-Таш айылдарында 3,5 балл, Бишкек, Кант шаарларында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 20 чакырым түштүк чыгышта, Кант шаарынан 25 чакырым түштүк-батышта, Горная Маевка айылынан 3 чакырым түштүктө, Кой-Таш айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү