Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги «хакердик чабуул» боюнча маалыматтарга жооп берди

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин алдындагы Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги Team Insane Pakistan хакерлеринин киберчабуулунан улам Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтары чыгып кетти деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Анда агенттик Team Insane Pakistan хакерлеринин киберчабуулунан улам Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтары чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.  

“Кыргызстандын 600 миң жаранынын жеке маалыматтарын талдоонун жыйынтыгы, алар 2020-жылы Салык кызматынын  сервистеринен чыгып кеткен маалыматтарга окшош экенин көрсөттү” деди агенттик.   

Акыркы убакта мамлекеттик органдардын маалыматтык системасынын жеке маалыматтар чыгып кетпегендигин кошумчалады.  

Агенттик жеке маалыматтар менен иштөө жана сактоо боюнча бардык тобокелчиликтерди эске алып, ар бир жарандын жеке маалыматтарын коргоодо бардык ченемдер менен принциптерди сактоого чакырды.    

“Team Insane Pakistan” деген аталыштагы хакердик топ 22-майда 630 миңден ашуун кыргыз жарандарынын жана ишканалардын жеке маалыматтарын уурдаганын Фейсбук жана Телеграмга жарыялады. Хакердик топ бул аракетти 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик студенттерге зордук-зомбулук жасалган окуяга карата “протест катары жасалган иш” деп түшүндүргөн.

“Азаттык” бул чабуул боюнча атайын иликтөөсүн жарыялап, Интернетке 560 434 кишинин, 70 587 ишкананын маалыматтары жарыяланганын аныктады.

Team Insane Pakistan хакердик тобу «Азаттыкка» gov.kg сайтынын субдоменин бузуп кирип, 500 миңден ашуун жеке маалыматтарды алышканын билдиришкен.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты