Жээнбеков беш адамга берген генерал-майор наамын Садыр Жапаров кайтарып алды

  • 3 недели мурун

Президент Садыр Жапаров мурда Сооронбай Жээнбеков преезидент кезинде мыйзамсыз берилди деп беш генерал-майордун наамын кайра кайтарып алганы айтылды.  

Наамынан ажыратылгандар -Ички иштер министринин экс-орун басарлары Алмазбек Орозалиев, Мирлан Каниметов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экс-башчысы Малик Нурдинов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын экс-биринчи орун басары Талантбек Салиев жана УКМКнын 9-кызматынын экс-жетекчиси Санжарбек Эркинбаев.

Аталган беш адам милициянын генерал-майору жана генерал-майор аскердик наамынан ажыратылганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов айтканын “Азаттык” билдирди.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров 10-октябрда эле кол койгонун президенттин басма сөз катчысы белгилеген. Аталган беш адамга генерал-майор наамын Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кетер алдында — 2020-жылдын 14-октябрында ыйгарган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты