Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Чыңгыз Кожошевге сөгүш берилди
- 12 месяцев мурун
Министрлер кабинетине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Чынгыз Кожошевге сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.
Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгондугу тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Тартиптик жаза укук тартибин камсыздоого тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана аскер кызматкерлеринин өз жанын кыюусу түрүндөгү оор кесепеттерге алып келген өздүк курамдын арасындагы уставдык эмес мамилелердин алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн берилди.
Сүрөттө: Чынгыз Кожошев. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




