Жапаров менен Путиндин жолугушуусу. Кыргызстан-Россия байланышынын келечеги
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров 2-июлда Москвага болгон иш сапарынын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен чакан жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин расмий сайтында маалымат жарыяланды.
Андагы маалыматка ылайык, Россиянын президенти Владимир Путин экономикалык кызматташтыктагы жылыштарды, эки өлкөнүн товар жүгүртүүсүнүн өсүшүн, анын ичинде бул жылдын алгачкы айларындагы бир кыйла көбөйүшүн баса белгиледи.
Ал ошондой эле Кыргызстандагы россиялык ишканалардын активдүү ишмердүүлүгүн белгилеп, Россиянын өлкөнүн алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири катары статусун баса көрсөттү.
Россиянын президенти орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин жогору баалады.
Ал ошондой эле гуманитардык кызматташуунун, өзгөчө билим берүү тармагындагы маанилүүлүгүн баса белгиледи. Учурда Кыргызстандын 43 мектебинде 200 россиялык мугалим эмгектенүүдө. Орус тилинде окуткан мектептердин санын көбөйтүү пландары ишке ашырылып жатат.
Владимир Путин кыргыз тарапка орус тилине өзгөчө макам бергени үчүн ыраазычылык билдирип, бул гуманитардык гана эмес, экономикалык тармактарда да кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Соңунда ал Кыргызстандын лидерине конструктивдүү диалогу жана эки жактуу байланыштарды мындан ары да чыңдоого кызыкдарлыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Садыр Жапаров бул жолугушуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маселелерин эки мамлекеттин кызыкчылыгында талкуулоого мүмкүндүк бергенине ишенимин билдирди.
Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосунда толук өз ара түшүнүшүү жана ишеним бар экенин ырастады. Саясий келишпестиктер жана карама-каршылыктар жок.
Ошондой эле ал энергетика, транспорт, өнөр жай жана айыл чарба тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү үчүн зор потенциал бар экенине көңүл бурду.
Президент Кыргыз-Россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын ийгиликтүү ишин баса көрсөттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн лидерлери бардык негизги багыттарды чыңдоо ниеттерин ырасташты.
Сүрөт: president.kg




