Жалал-Абаддын тургуну мамлекетке чыккынчылык үчүн 7 жылга эркинен ажыратылды

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аныкталгандай, Жалал-Абад шаарынын тургуну И.С.С. чет мамлекеттик атайын кызматтын пайдасына тыңчылык жасагандыгы ачыкка чыгып, кармалды. Соттун чечими менен ал мамлекетке чыккынчылык беренеси менен 7 жылга эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди

Маалыматта айтылгандай, И.С.С. 2005-жылы чет элдик атайын кызмат тарабынан жалданып, узак убакыттар бою алардан акчалай сыйлыктарды алуу менен бирге, өз өлкөсүнүн коопсуздугуна зыян алып келүүчү ишмердүүлүгүн жүргүзгөн.

“Чет элдик чалгындоо кызматынын тапшырмасына ылайык И.С.С., КР айрым жарандарын ар кайсы шылтоолор менен өлкө аймагынан сыртка алып чыгып, андан ары ал жарандар чет өлкөлүк күч түзүмдөрү тарабынан ар түрдүү кылмыштарга байланыштуу негизсиз айыптоолорго дуушар болушкан.  Мындан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө И.С.С. Жалал-Абад шаарындагы өзүнүн турак жайын чет элдик атайын кызматтын кызматкерлеринин жашыруун жолугушууларды уюштуруу боюнча көмүскө жайына айлантканы аныкталган.Ошондой эле, чет мамлекеттик атайын кызматтардын тапшырмасы боюнча ал өлкөнүн жогорку даражалуу кызмат адамдарынын аймакка болгон иш сапарлары боюнча маалыматтарды чогултуп, жөнөтүп турган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө (Мамлекеттик чыккынчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен И.С.С. күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыратылды” деп айтылат маалыматта.  

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты