Жалал-Абад облусунда жер титиреди
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 18-августта, түнкү саат 01:08те Жалал-Абад облусунда очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Илимдер академиясынын сейсмология институту билдирди.
Баштапкы маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу Канжыга айылынын түштүк-чыгышынан 18 чакырым, Ара-Бел айылынын түндүгүнөн 8 чакырым, Көк-Жаңгак шаарынын түндүк-чыгышынан 45 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышынан 66 чакырымда орун алды.
Жер титирөөнүн күчү Канжыга айылында 3 баллга, Ара-Бел айылында 2,5 баллга чейин сезилди.
Сүрөт: seismo.kg
Муну бөлүшүү




