13-ноябрдагы аба ырайы
- 1 час мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 13-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Чүй, Таласта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, күндүз Ысык-Көлдө 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8;
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +3…+8;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 0…+2, күндүз +6…+8.
Муну бөлүшүү




