Жалал-Абад облусунда жер силкинди

  • 12 месяцев мурун

Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, бүгүн, 28-июлда, саат 13:41де  Жалал-Абад облусунда очогунд 3 баллга жеткен жер силкинүү катталды.

Баштапкы маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад облусунун Эски Масы айылынан 2 км түндүк-батышта, Алма айылынан 3 км түндүк-батышта, Гелеген айылынан батышынан 5 км, Кара-Булак айылынан 6 км түштүк-чыгышта, Кочкор-Ата шаарынан 6 км түндүк чыгышта болду.  

Жер титирөөнүн күчү Эски-Масы, Алма айылдарында 3 баллга жакын, Гелеген айылында 2,5 баллга чейин сезилди.

25-июлда саат 03:45те Жалал-Абад облусунда очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Сүрөт: Сейсмология институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты