6-октябрдагы аба ырайы
- 7 дней мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 6-октябрда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл. Нарын облустарында жаан жаайт, бийик тоолордо карга айланат, Чүй жана Талас облустарында жаан жаашы күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16.
Бишкек шаарында аба ырайы өзгөрүлүп турат. Жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, түнкүсүн 14-16 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6°, күндүз +14…+16 градус жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




