Жайыт жерлерди жеке менчикке бергендерге кылмыш иши козголду

  • 4 месяца мурун

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 4,8 га жайыт жерди З4 жаранга жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Баткен шаардык мэриясынын, регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын кызмат адамдары материалдык артыкчылыктарды алуу максатында туруктуу байланыш түзүп, Чет-Булак кварталындагы башка категориядагы жерлердин түрлөрүнө которулбаган 4,8 га жайыт жерди жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган.

Жогоруда аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: prokuror.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты