Өзгөн райондук милиция кызматкерлери кармалды
- 1 месяц мурун
- Видео
Ош облусунун Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектелип кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн улук участкалык милиция кызматкери З.у.А. жашы жете электер боюнча инспекторлор Н.А.Н. жана А.у.А. менен алдын ала сүйлөшүлгөн схема боюнча, 2008-жылы туулган Т.А.У.ну айрым жарандар менен жыныстык катнашка барууга азгыруу жолу менен акча талап кылуу боюнча кылмыштуу схеманы уюштурганы аныкталган.
Милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды бардар кишилерге алып барып, андан соң кармашып, психологиялык басым көрсөтүү жана опуза кылуу аракеттерин жасашкан.
Бул фактынын негизинде, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгогон.
4-февралда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен бирге Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн жогоруда аталган кызматкерлери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Мындан тышкары, тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө кызматкерлер мыйзамсыз иш-аракеттерин моюнга алышкан көрсөтмөлөрү алынган. Ошондой эле ИИБ тиешелүү кызматкерлери жана башка жарандар тарабынан уюштурулган башка да «атайылап уюштурулган» фактылары болгондугу аныкталган.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: УКМК




