Өзгөн базарындагы мыйзамсыз сатылган 87 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

  • 7 месяцев мурун

Ош облусунун Өзгөн прокуратурасы райондогу борбордук базар аймагандагы аянты 10 882,14 кв.м түзгөн жер тилкеси М.А. аттуу жаранга мыйзамсыз сатылып кеткендигин аныктады.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокуратура тарабынан жогоруда аталган жер тилкесинин сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган.

Жыйынтыгында, 87 млн. 57 миң сомго бааланган Өзгөн борбордук базарынын аймагандагы аянты 10 882,14 кв.м түзгөн жер тилке Өзгөн шаардык мэриясынын балансына алынып, мамлекеттик каттоо органы тийиштүү мамлекеттик акты берди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты